Жалал-Абадда дагы бир бейтап COVID-19дан каза болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 17-июнда коронавирустан дагы бир бейтап каза болгонун кабарлады. 36 жаштагы кишинин жүрөгү «полиоргандык жетишсиздиктен» улам токтоп калган — ал Жалал-Абад облусттук ооруканасында дарыланып жаткан. Ошондой эле маркумда коронавирустан улам эки тараптуу пневмония пайда болгон.

«Бул жигит 11-июнда тажыяга катышуу үчүн Жалал-Абад облусуна Бишкек шаарынан барган. Ошол жерден оорунун белгилери чыгып, Жалал-Абад облусундагы ооруканага кайрылган. 12-июндан инфекция бөлүмүнө которулуп, ошол жерден дарылоо башталган. Бирок күндөн-күнгө ден соолугу начарлап, дарылоо жыйынтык берген жок. Реанимациялык аракеттер да жасалган. Ошого карабастан бул бейтап кечээ күнү каза болуп калды», — деди Үсөнбаев.

Үсөнбаевдин айтымында, көз жумган бейтапта Бишкек шаарында эле коронавирустун белгилери болгон, бирок ал ооруканага кайрылган эмес.

Ушуну менен COVID-19дан каза болгон бейтаптардын саны 30га жетти. Кечээ, 16-июнда, коронавирусту жуктуруп каза болгон эки бейтаптын бирөөсүн Саламаттык сактоо министрлиги расмий статистикага кошпой турган болчу. Бирок бүгүн рак оорусунан каза болгон 53 жаштагы бейтап коронавирус жуктуруп кайтыш болгондордун тизмесине кайрадан кошулду.