Алайда 73 жаштагы бейтап коронавирустан кайтыш болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-июнда коронавирустан дагы бир бейтап каза болгонун кабарлады. Маркум 73 жашта болчу, ал Ош облусундагы Алай аймактык ооруканасында дарыланып келген.

«Өтө кеч келип, өтө оор [абалда] түшкөн ооруканага. Анда эки тараптуу пневмония пайда болгон. Өпкөнүн сезгениши аябай күчөп кеткен экен. Ошол эле учурда дем алуу жетишсиздиги курч мүнөздө болгондуктан кайтыш болду», — деди Үсөнбаев.

Ушуну менен коронавирустан улам каза болгон бейтаптардын саны 31ге жетти — алардын арасында эки медкызматкер да бар.

Кыргызстанда 18-июнга карата коронавирустун жаңы 95 учуру катталып, илдет жуккандардын жалпы саны 2657ге жетти. Ооруканаларда 693 адам жатат — алардын 38и оор абалда. Оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алты бейтап которулган.