Коронавирустан каза болгон фтизиатр Альберт Исмаилов медицинага өмүрүнүн 36 жылын арнады

Альберт Исмаилов

Коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкери Альберт Исмаилов 2-июнда 59 жашында каза болду. Ал Ош облусунун Кара-Кулжа райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда врач фтизиатр болуп эмгектенип келген.

Исмаилов 1961-жылы аталган райондун Ылай-Талаа айылында туулган. 1984-жылы Фрунзедеги Кыргыз медициналык институтунун профилактикалык иш факультетин аяктап, өз карьерасын Ош шаардык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыгер-инфекционист катары баштаган.

Андан соң аталган ооруканада бөлүм башчы кызматына жетип, Кара-Кулжа райондук ооруканада иштеген. Ал 2013-жылдан тарта Кара-Кулжадагы үй-бүлөлүк медициналык борбордо иштеп жаткан.

«Альберт Жумабекович өз кесибин сүйгөн, чыгармачыл, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү дарыгер эле. Ал өз бейтаптарынын урмат-сыйына ээ болду. Ар бир адамдын жүрөгүнөн орун тапты. Кесиптештери сыйлап, жаш адистерге мыкты насаатчы болду», — деп жазылат Саламаттык сактоо министрлигинин эскерүүсүндө.

Өзүнүн 36 жылдык эмгек жолунда Исмаилов «Саламаттыкты сактоонун отличниги» наамына ээ болгон. Ошондой эле, өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү жана Кара-Кулжа райондук администрациясы тарабынан сыйланган.

Дарыгердин артында үч уулу, бир кызы жана жети небереси калды. Өкмөт анын жакындарына миллион сом кун төлөп берүү маселесин карап жатат.

Буга чейин 2-майда коронавирус илдетинен Бишкектеги №3 ҮМБнын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаева 58 жашында каза болгон. Өкмөт анын үй бүлөсүнө миллион сом кун төлөп берген.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин алдын алуу жана ага каршы күрөшүп жаткан учурда оору жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом, ал эми каза болгондоруна 1 миллион сом төлөнүп берилет.

Өлкөдө 4-июнга карата 372 медицина кызматкеринде коронавирус аныкталды. Анын ичинен 270и ооруканадан айыгып чыкты.