Сүрөт: Бекжан Асылбеков

Бишкекте парламенттин имаратынын алдында үч күндөн бери аялдарга карата зомбулукка каршы бир кишилик пикеттер өтүп жатат. Алар кордолгон аялдын видеосу жарык көргөндөн кийин пикетке чыга башташкан. Ал видеодо аялынын мойнуна таш салынган дөңгөлөктөрдү илип, чакалап суу чачып, бетине чаап жаткан киши тартылган. Жабыркаган аялдын баш мээси чайкалганы белгилүү болгон.

Биринчи пикет 15-июнда өтүп, аны милиционерлер кууп таркатышкан. Бул аракети менен милиционерлер тынчтык демонстрацияларына болгон конституциялык укукту бузушкан. Пикетти кууп таркатышканы менен анын катышуучулары аралыкты сактап, беткапчан болушкан. Ошол эле учурда пикеттин катышуучулары укук коргоо органдары агрессия көрсөтүшкөнүн билдиришкен. Алар зомбулукка каршы үндөгөн плакатарды тартып алып, жок кылышкан.

Экинчи пикет 17-июнда өткөн, бирок аны чагымчыл аял үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган. Ал агрессивдүү болуп, тынчтык пикеттин катышуучуларына кол салып, алардын плакаттарын тартып алып, айрыган. Пикеттен тартылган видеодо аны «Кыргыз аялдары» коомдук уюмунун төрайымы Замира Мамбетова деп таанышты — ал өзү ар кандай нааразычылык акцияларга катышып келет, мисалы, ал Түркия атып кулатылган учак үчүн Орусиядан кечирим сурашы керек деп талап кылган.

Пикеттерден тышкары аялдарга карата зомбулукка каршы онлайн-митинг да болуп өткөн.

ТЕМА БОЮНЧА: Милиция парламенттин алдына зомбулукка каршы пикетке чыккандарды кубалады