Активисттер Түркиянын Бишкектеги элчилигинин алдында пикет өткөрүштү — өткөн аптада ал өлкөнүн аскер-аба күчтөрү Сирия менен болгон чек арасы аймактан орусиялык аскердик учакты атып түшүрүшкөн.

1-декабрда «Кыргызстан аялдары» коомдук уюмунун мүчөлөрү түрк элчилигинин алдында митинг өткөрүштү. Алар кыргыз бийлигинен 24-ноябрда Түркиянын аскер-аба күчтөрү тарабынан Орусиянын Су-24 учагынын атылып түшүрүлүшүнө карата реакция жасоосун талап кылышты.

«Орусия — бул биздин экинчи бөлүгүбүз, ата мекенибиз. Андыктан биз Орусияны колдойбуз, ал эми Түркиянын кылганы — бул туура эмес», — деди уюмдун төрагасынын орун басары Замира Мамбетова.

Активисттер Кыргызстандын өкмөтүнөн учактын атылып түшүрүлүшү боюнча Түркия тараптын Орусиянын алдында кечирим сурашы үчүн кандайдыр бир аракеттерди көрүүсүн талап кылышты.

Түрк бийлигинин расмий версиясы боюнча, орусиялык учак Түркия аскер-аба күчтөрүнүн бир канча жолку эскертүүлөрүнө карабастан өлкөнүн аба мейкиндигин бузган.

Орусиянын Коргоо министрлиги алардын учагы Сириянын түрк чек арасына 1 чакырым жетпеген аймагында атылып түшүрүлгөнүн билдирген.

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык учак «Ислам мамлекети» тараптан Түркияга мунай жеткирилип жаткандыгына байланыштуу атылып түшүрүлгөнүн билдирди.

«Биздин учакты атып түшүрүү тууралуу чечим Түркиянын аймагына мунай жеткирүү жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуу каалоосунан улам кабыл алынган деп божомолдообузга бардык негиздер бар», — деп жазган «Интерфакс» тармактык басылмасы Путиндин айткандарын.

«Ведомости» электрондук басылмасы билдиргендей, учак Сириянын аймагына кулап түшкөн. Учкучтар катапульта жасап секирип кетүүгө жетитишкен. Анын командири Олег Пешков жердеги террористтер тарабынан атылып өлтүрүлгөн, ал эми учкуч Константин Мурахтин аман калган.

Окуядан кийин Орусия өлкө аймагына түрк товарларынын айрым түрлөрүн киргизүүгө убактылуу тыюу салып, өз аймагында түрк компаниялары менен уюмдары тарабынан белгилүү бир жумуш түрлөрүнүн, кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышына чектөөлөрдү киргизди.

Андан сырткары Орусия 2016-жылдын башынан тарта Түркиянын жарандарын жумушка кабыл алууга тыюу салды.

Автор: Эвелина Зайцева