Кыргызстанда коронавирус бир суткада 132 кишиге жукту — бул рекорддук көрсөткүч

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Республикалык штаб

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 19-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 132 учуру катталганын билдирди. Бул өлкөдө бир сутка арасында аныкталган учурлардын арасынан рекорддук көрсөткүч.

Бишкек шаарынан 48, Чүй облусунан 38, Ош шаарынан он үч, Ош облусунан он эки, Нарын облусунан алты, Талас облусунан төрт жана Жалал-Абад облусунан он бир учур катталды.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын ичинен жетөө чет өлкөдөн келгендер, 66сы оору жуккандар менен байланышта болгондор. Ал эми 59 кишиге оору кайдан жукканы белгисиз, учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2789га жетти. Илдеттен 32 киши каза болуп, 1961 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 916. Чүй облусунда коронавирус 307 адамдан табылды. Ош облусунда – 286, Ош шаарында – 307, Жалал-Абад облусунда – 206, Баткен облусунда – 40, Нарын облусунда – 429, Ысык-Көл облусунда – 33 жана Талас облусунда 25 учур катталды.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталган.

Ооруканаларда 544 адам дарыланууда. Алардын ичинен 34ү оор абалда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча үй карантинине 11 609 адам алынган. Бир сутка ичинде 4534 изилдөө жүргүзүлдү.