Парламенттин басма сөз кызматынын башчысы коронавирус жуктуруп алды

Ибраим Нуракун уулу

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасында маалымдады. Ал эми 24.kg басылмасынын маалыматына ылайык, Нуракун уулу 19-июнда ооруканага жаткырылды.

Басма сөз катчынын айтымында, 14-июнда дене табы жогору болгондуктан ал үйдөн иштеп жаткан, ал эми жумушка чыгаар алдында анын COVID-19га карата тапшырган анализи оң жыйынтык көрсөткөн.

«Карантин учурунда бир дагы кесиптешим менен кол алышып учурашкан эмесмин, жумуш маалында ар дайым антисептик, беткап колдонуп келгенмин. Тилекке каршы, аяган көзгө чөп түшөт дегендей, бул өзүм жана үй-бүлөм үчүн абдан өкүнүчтүү окуя болду», – деп жазган ал.

Ошондой эле ал, өзү жана башка басма сөз кызматкерлери обочодо болуп үйдөн иштөөлөрү керек болгондуктан, парламенттеги жыйындардан түз эфирлер көрсөтүлбөшүн айтты.

Нуракун уулу менен байланышта болгон башка басма сөз кызматкерлери 18-июнда коронавируска карата тест тапшырышкан. Ошондой эле, аны менен эки депутат – Каныбек Иманалиев жана Акылбек Жапаров байланышта болгону маалым болду.

Парламенттик аппараттан Ак үй карантинге жабылбайт деп билдиришип, ишемби күнү түштөн кийин имарат дезинфекцияланаарын айтышкан.

Кыргызстанда 19-июнга карата бир сутка ичинде 132 адамдан коронавирус аныкталган – жалпысынан 2 789 адам илдетке кабылып, 1961 бейтап ооруну жеңген. Ал эми 32 адам аталган илдеттен каза болду.

Коронавирустун көбөйүшүнө байланыштуу бийлик элден санитардык талаптарды, аралыкты жана өздүк гигиенаны сактоону талап кылууда. Анткен менен мамкызматкерлер аталган талаптардын аткарбай жатканы боюнча окуялар да кездешүүдө.

Буга мисал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди узатуу иш-чарасында өкмөттүн жүздөн ашуун кызматкерлери аралыкты сактабай, топтолуп сүрөткө түшүшкөн. Ошондой эле мурдагы жана азыркы өкмөт башчылары кол беришип, ал тургай кучакташып коштошушкан.

Бир кадр менен: Абылгазиевди узатууда аралык менен санитардык талаптар сакталган жок