Кыргызстанда бир суткада коронавирус 170 кишиден аныкталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош мэриясы

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 170 учуру катталганын билдирди.

Бишкек шаарынан 56, Чүй облусунан 43, Ош шаарынан он төрт, Ош облусунан 22, Баткен облусунан бир, Жалал-Абад облусунан он тогуз жана Ысык-Көл облусунан он беш учур катталды.

Ошентип Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 3151ге жетти. Илдеттен 37 киши каза болуп, 2011 бейтап айыгып үйлөрүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 1066. Чүй облусунда коронавирус 412 адамдан табылды. Нарын облусунда – 431, Ош шаарында – 337, Ош облусунда – 322, Жалал-Абад облусунда – 225, Ысык-Көл облусунда – 50, Баткен облусунда – 41 жана Талас облусунда 27 учур катталды.

Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктардын арасында 240 адамда коронавирус аныкталган.

Ооруканаларда 525 адам дарыланууда. Алардын ичинен 35и оор абалда, он бири жандандыруу бөлүмүндө. Өлкө боюнча үй карантинине 12 миңден ашуун адам алынган. Бир сутка ичинде 4334 изилдөө жүргүзүлдү.