Активисттер аялдарга карата зомбулук үчүн каралган жазаны күчөтүү талабы менен парламенттин алдына беш күндөн бери пикетке чыгышууда. Аларга утурлай эле ал жакта депутаттардын отставкасын талап кылган адамдар да чогулган.

Мурдагы акцияда милиция жалгыз кишилик пикеттерге тоскоолдук кылууну токтоткон. Анда активисттер Сузактагы окуяны эске салып, моюндарына кезектешип дөңгөлөк илишкен.

Милиция 15-июнда пандемияга таянып үй-бүлөлүк зомбулукка каршы алгачкы бир кишилик пикетти кууп салган болчу. Ошол эле учурда пикеттин катышуучуларынын саны 50 адамга жеткен эмес, алар беткапчан туруп, аралыкты сакташкан — алар эч бир эреже бузушкан эмес.

Милиция алардын тынчтык чогулушка болгон конституциялык укуктарын бузган. Ошондон бери активисттер акциясын улантып жатышат.

Экинчи пикетти бир аял үзгүлтүккө учуратууга аракет кылган — ал ар кандай наарызылык акциялардын жана контрмитингдердин (контрмитингдерге мыйзам боюнча тыюу салынган) ар дайымкы катышуучусу Замира Мамбетова деген аял болгон. Милиция аялдын аракеттерине эч бир чара көргөн эмес.

Кийинчерээк, пикеттин айрым катышуучулары аталган аял 2020-жылдын 8-мартында аялдардын укугу үчүн жөө жүрүшкө келип, кыздарга асылып жаткан чагымчыл экенин таанышкан. Ал учурда иш-чаранын катышуучуларына бепткапчан белгисиз адамдар кол салып, сөгүп, транспаранттарды сындырып качышкан, ал эми милиция аларга эч кандай реакция кылган эмес.

Андан кийин акциянын катышуучуларына чагымчыл аялдар кол сала баштап, алар кыздарды кармоо керек деп кыйкырып, аларды колу-бутка тепкилеп, плакаттарды айрышкан. Милиция анда да аларга карата чара көргөн эмес, ал эми марштын катушуучуларын — кол салуудан жабыркагандарды — орто жолдо транспаранттарды талкалоо менен кармап кеткен. Натыйжада марштын айрым катышуучуларына штраф салынып, ал эми сот алардын кармалышын мыйзамдуу деп чечим чыгарган.

Тынчтык акциясындагы кол салууга күбө болуп, марштын катышуучуларын чагымчылдардан коргоодон баш тарткан милициянын аткаминерлери жазага тартылышкан эмес.