Аялынын колун байлап, үстүнө чакалап суу куюп кордогон киши кармалды — Сузак району

12-июнда социалдык тармакта аялынын колун артына байлап, моюнуна таш салынган эки дөңгөлөктү илип, үстүнө чакалап суу чачып, бетке муштагылап кордоп жаткан кишинин видеосу тарады.

Тасмага тартып жаткан кыз аялга кол көтөрүп жаткан кишинин карындашы болушу ыктымал. Анткени ага ал «аке, болду» деп кайрылып, арачалаганга аракет жасаган. Буга карабастан аялын кордогон киши «тартылып жатабы?» деп тактап сурап, тасманы өчүрбөөнү талап кылган. Ошондой эле, «Тарт, сабак болушу керек, кийин эстейт» деп сүйлөнүп жатканын угууга болот.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев окуяны ырастап, аялын сабаган 51 жаштагы киши 11-июнда убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, бул окуя Сузак районунун Бек-Абад айылында 8-июнь күнү болгон.

«Күйөөсү аялын урган. Аялынан арыз алынып Сузак РИИБи тергөө иштерин жүргүзүүдө», — деди Жээнтаев.

Аталган окуя алгач Жоруктар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталган, бирок тиешелүү материалдар топтолгон соң бул факт Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренесине өзгөртүлдү. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

Үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген адам жабырлануучунун жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрү менен ден соолугуна коркунуч жаратса, ал мас абалда болуп зомбулукту уланта берсе, коркутса жана ур-токмокко алса, анда милиция кызматкерлери аны 48 саатка камакка алууга укугу бар.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.

Аталган фактылардын 649у Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган. Анын төртөө «Киши өлтүрүү», 451и «ден соолукка оор жана оор эмес зыян келтирүү», алтоо «зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер» беренелери менен катталган. Калган 5496 факты Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган беренелер менен каттоого алынган.

Эгер үй-бүлөдө ур-токмокко кабылсаңыз эмне кылыш керек?

Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркайт. Өлкөдөгү аялдардын көпчүлүгү — 83 пайызы — бир жолу болсо да үй-бүлөдө психологиялык басмырлоого, уруп-согууга жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан. Бул жөнүндө Кризистик борборлор ассоциациясынын изилдөөсүндө айтылат.

Эгер сиз үй-бүлөдө такай ур-токмоктон жабыркасаңыз же жакындарыңызда, тааныштарыңызда ушундай окуялар тууралуу билсеңиз, үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу мыйзам боюнча милицияга кайрылсаңыз болот. Алар сиздин кайрылууңузду каттап, жабыркаган адамга корук кат бериши керек. Бул мыйзам төмөнкүдөй иштейт: