Өлкөдө коронавирустан дагы 10 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан өткөн суткада коронавирус жуктурган дагы 10 бейтап айыкканын кабарлашты.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаарында – 3;

Талас облусунда – 3;

Нарын облусунда – 2;

Чүй облусунда – 1;

Ош шаарында – 1.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп айыккан бейтаптардын саны 2021ге жетти — алардын арасында 387 медкызматкер бар.

Кыргызстанда 22-июнга карата коронавирустун жаңы 205 учур катталды — жалпы 3356 учур. Бүгүнкү күндө ооруканаларда 571 адам жатат — алардын он бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Covid-19 жуктурган 40 адам каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.