Саясатчылар кесиптеши Болот Шерди акыркы сапарга узатуу үчүн 23-июнда Талас облусунун Чоң-Капка айылына барышты. Коронавирус пандемиясына карабастан, тажыяга көп адам келген. Бийлик вирустун жайылышына алып келген массалык иш-чаралар (тойлор жана тажыялар) үчүн элди бир нече жолу сынга алган.

Түз эфирден вице-спикер Мирлан Бакиров, маданият министри Азамат Жаманкулов, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, депутат Каныбек Иманалиев, саясатчы Өмүрбек Бабанов, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экс-депутатка карата мамилелери тууралуу айтып берип жаткандарын көрүүгө болот.

Тажыяда агасы тууралуу акыркы сөзүн режиссёр жана саясатчы Садык Шер-Нияз айтты.

«Бокем айтчу, “биринчи байлык ден соолук эмес, биринчи байлык ар-намыс” деп. Бокем ооруп калды, биринчи инстульт болуп, ошондо барып сурадым, Боке, “биринчи байлык ден соолук эмес деп жүрүп инсульт болдуңуз, эми кандай экен айтыңызчы, Боке, биринчи байлык ден соолук бекен? десем, күлүп туруп, Садык, биринчи байлык “ар-намыс, аны эч ким жокко чыгара албайт” деди», — деди кинорежиссёр.

Парламенттин экс-спикери Болот Шер 21-июнда комада жатып каза болгон. Экс-депутаттын кайтыш болгону тууралуу иниси Садык Шер-Нияз билдирген.

Болот Шер кезектеги инсультунан кийин ооруканага түшкөн, бул тууралуу 12-июнда белгилүү болгон.

Болот Шер 61 жашта болгон. Шер белгилүү жана таасирлүү кыргыз саясатчысы, депутат, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт учурунда ИИМдин башчысы жана парламенттин спикери болчу.

Болотбек Шерниязов өзүнүн аты-жөнүн биринчи жолу инсульт алгандан кийин Болот Шер деп өзгөрткөн. 2011-жылы парламенттеги жыйында Ош шаарындагы улуттар аралык кагылышууда каза болгон жарандардын жакындарынан кечирим сурап, өзүнүн милициялык наамдардан жана депутаттык иммунитеттен ажыратууну сунуштаган. Ошондой эле, депутаттык мандаттан баш тартып, саясаттан кетүүгө бел байлаган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Коомдук ишмер Болот Шердин сөөгү өз айылына коюлат. Бул анын акыркы керээзи болчу