Болот Шер

2020-жылдын 21-июнунда белгилүү коомдук-мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Болот Шер 61 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Бир тууган иниси ЖКнын депутаты Садык Шер-Нияз билдиргендей, анын сөөгү 23-июнда туулган жери Талас облусунун Манас районуна караштуу Чоң-Капка айылында жерге берилет.

«Баатырыбыз дагы, асылыбыз дагы Бокемден айрылып калдык… Коштошуу зыйнаты Чоң-Капка айылында [өзүнүн керээзи боюнча] 23-июнда саат 11:00дө өтөт», — деп жазган иниси.

Болот Шерди социалдык тармактар аркылуу анын кесиптештери, пикирлештери, достору жоктоп эскерүүлөрдү жарыялап жатышат. Алардын арасында вице-спикер Аида Касымалиева да бар.

«Мен Болот Шер тууралуу курбум Asel Sherniyazova аркылуу көп билем. Болот Шердей адамдар аз төрөлөт. Чыныгы мырза, сөзүнө, позициясына бекем. Өлкө дегенде өз өмүрүн берген... Жаткан жери жайлуу болсун! Sadyk Sher-Niyaz жана бардык жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам!» — деп жазды ал.

Болот Шер 2010-жылдын 6-7-апрелиндеги ыңкылаптан соң Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Ички иштер министрлигин жетектеп, ошол учурда эң оор жана эң башкы милдетти аткарган.

Коомдук-мамлекеттик ишмерди Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана башкалар дагы маркумдун жакындарына көңүл айтып, аны эскеришти.

«Болот Шердин өмүрү, саясий жана атуулдук ишмердиги өрнөктүү болду. Ал бүткүл жашоосун Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө, демократиялык баалуулуктарды коргоо, маданий жана руханий көрөңгөсүн сактоо жана жайылтууга арнады. Авторитардык кылмыштуу бийликтин мыйзамсыз иштерине каршы ачык күрөштү. Тубаса жөнөкөйлүгү, эр жүрөктүгү, тереңдиги менен Болот өзүнүн саясий жана руханий мектебин түптөп кетти», — деп мурдагы кесиптештери эскерди.

Болотбек Шерниязов Эсентаевич

Мурдагы депутат Болот Шер 61 жашында ооруканада көз жумду. Ал үстүбүздөгү жылдын 12-июнунда үчүнчү жолу инсульт алып ооруканага түшкөн.

Болотбек Шерниязов өзүнүн аты-жөнүн 2010-жылы биринчи жолу инсульт алгандан кийин Болот Шер деп өзгөрткөн. Ал өзгөрткөндүгүнүн себебин документтерге кол коюуда аты жана фамилиясы узун болгондуктан татаал болуп жаткандыгы менен түшүндүргөн.

Ал саясатка 2000-жылы Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына депутат болгондон тартып аралаша баштаган. 2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты жана төраганын орун басары болуп иштеген.

2011-жылы парламенттеги жыйында Ош шаарындагы улуттар аралык кагылышууда каза болгон жарандардын жакындарынан кечирим сурап, өзүнүн милициялык наамдардан ажыратууну сунуштаган. Ошондой эле, депутаттык мандаттан баш тартып, саясаттан кетүүгө бел байлаган.

Маркум элдин эсинде бир гана саясатчы катары гана калбастан, мыкты спортчу катары да белгилүү. Ал «Улуттук спорт жөнүндө» мыйзамды иштеп чыгып, 1998-жылы эл аралык «Көк бөрү» федерациясын түптөгөн жана аны жетектеген.

Болот Шер 1959-жылы 1-майда Талас облусунун Манас районунда төрөлгөн. 1982-жылы Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетин, 1988-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин Фрунзе шаарындагы атайын милиция мектебин бүтүргөн. Анын артында эки уулу жана эки кызы калды.