Бир суткада коронавирустан 33 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 23-июнга карата бир сутка ичинде коронавирустан дагы 33 бейтап айыкканын кабарлады.

Бишкек шаарынан сегиз, Ош шаарынан алты, Чүй облусунан он эки, Нарын облусунан үч жана Жалал-Абад облусунан төрт бейтаптын коронавируска кайрадан тапшырган анализдери терс жыйынтык көрсөттү.

Ал эми өлкө боюнча ооруну жеңгендердин саны 2054 кишини түзөт. Ошол эле учурда 23-июнга карата илдет 3519 кишиге жукканы ырасталган. Оору 41 кишинин өмүрүн алды.

Учурда ооруканаларда 607 адам дарыланып жатат, алардын ону жандандыруу бөлүмүндө.