Өкмөт жакында аскерлер менен милиционерлерге компенсация төлөй баштайт — Каржы министрлиги

Өлкөдө ӨА режими учурунда иштеген милиционерлер менен аскер кызматкерлери бул убакыт аралыгында иштегени үчүн кошумча акыларды алыша элек. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, бул «кээ бир техникалык процедуралар» бар болгону үчүн ишке ашпай калган.

«Тизме чоң, ал бүткүл өлкө боюнча түзүлгөн. Күч блогу тартылган, тизме менен сумма такталып жатты. Өкмөттө бардык процедуралар аягына чыкты, Каржы министрлиги тийиштүү документтерди алаары менен төлөмдөр башталат. Бюджетте каражат каралган, биз аларды төлөп беребиз», — деп убада кылды Жээнбаева.

Каржы министрлигинин башчысы тизмени түздөн-түз укук коргоо органдары түзүшкөнүн, ошондуктан кимге канча төлөм берилиши керектигин дал өздөрү чечишкенин кошумчалады.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 16-июнда бардык медиктер менен милиционерлер убада кылынган компенсацияларды толук көлөмдө алышаарын билдирен болчу. Анын айтымында, милиционердердин компенсациясына 430 млн сом бөлүнгөн.

Буга чейин ички иштер министрлигинен жакын арада ӨА режими учурунда иштегени үчүн бардык укук корго жана күч органдарынын кызматкерлерине кошумча акы төлөнүп берилээрин, бардык тийиштүү документтер каржы министрлигине жөнөтүлгөнүн кабарлашкан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек ШИИБ: Кошумча акы ала элек милиционерлер иш таштайбыз дешкен эмес