Бишкек ШИИБ: Кошумча акы ала элек милиционерлер иш таштайбыз дешкен эмес

Бишкек ШИИБдин төрт районунун аймактык милиционерлери 13-июнда чогулуп, 15-июнда иш таштоо боюнча жыйын курганын «Кактус» басылмасы жазган. Басылманын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлери өзгөчө абал учурунда аларга төлөнөт деген компенсацияны азыркыга чейин ала электигин билдирип нааразы болушкан.

Ал эми чогулгандарга Бишкек ШИИБдин башчысы Канат Жумагазиев келип, маселени чечип берүүнү убадалап орой формада тезинен тарап кетүүнү талап кылган.

Бирок, Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирүү таратып «Кактус» жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Милициянын версиясы боюнча, Канат Жумагазиев милиция кызматкерлерин таркатуу үчүн эмес, коомдун коопсуздугун сактоо кызматтарынын бөлүктөрүнүн жеке курамына, өспүрүмдөр менен иштеген инспекциясынын кызматкерлерине инструктаж өтүү үчүн келген. Анын жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо, беткапты кийип жүрүү, жеке коргоочу каражаттарды колдонуу сыяктуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Ал ортодо Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы милиционерлерге кошумча каражат төлөп берүү үчүн бардык документ каржы министрлигине жиберилгенин кабарлайт.

Компенсация маселеси парламентте да көтөрүлдү

Май айынын башында Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко тармактык комитеттин жыйынында өзгөчө абал учурунда иштеген милиция кызматкерлери компенсация ала электигин айтып, өкмөттү сынга алган. Эл өкүлү өзгөчө абалда кызмат кылган укук коргоо органдарынын кызматкерлери катардагы күндөргө караганда үч эсе көп эмгек акы алышы керектигин билдирген.

Депутат өкмөт коронавирус эпидемиясынын шартында иштеген укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгегин пайдаланып, аларды алдап жатканын кошумчалаган.

Эл өкүлүнүн мындай нааразычылыгына вице-премьер Эркин Асрандиев милиционерлерге компенсация төлөш үчүн өкмөт ошол режимдерде иштеген фактыны аныктаган атайын буйрук даярдашы керек деп жооп берген.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында милиция кызматкерлери кошумча төлөнө турчу каражаттан баш тартып жатканын айткан. Бирок ага карабастан мыйзам боюнча каралган компенсация төлөнөрүн маалымдаган.