Жалал-Абад шаарындагы Балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланган 14 бала үстүбүздөгү жылдын апрелинде кургак учук илдетине кабылган. Бул тууралуу маалымат ЖМКларда июнь айында жарыяланды.
Аталган мекеменин жетекчиси Дамира Алимжанова «Азаттыкка» билдиргендей, алгач оорунун белгилери 2020-жылдын февралында бир балада байкалган. Мындан улам 95 тарбиялануучу кургак учукка текшерилген.
«Бир балабыздын дене табы көтөрүлүп, ооруп калды. Бул адаттагыдай эле оору деп ойлогонбуз. Булар төшөктө кыймылдабай жаткан балдар. Бизде кооптонуу пайда болуп, өз алдынча дарылоодон майнап чыкпаган соң турдиспансерге кайрылып, баарын текшерүүдөн өткөрдүк. Ошол замат балдарды бөлүп, өз алдынча изоляцияга алдык», — деген Алимжанова.
Мындан сырткары Алимжанова балдардын саламаттыгы эске алынып тубдиспансерге жаткырылбаганын белгилеген.
Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев «Клоопко» билдиргендей, балдардын мекеменин ичинде дарылануусу үчүн мэрия эски имаратты оңдоп берген. Кургак учук менен ооруган балдар ошол жерде обочого алынган.
«Мындайча айтканда, балдарды ар башка бөлмөгө жайгаштырып, тубёркулёздун таякчаларын өлтүрө турган атайын лампаларды койдук. Тубдиспансерден бир дарыгер жана бир медайым келип иштеп жатат. Кургак учук диспансерге которсок деле болот эле, бирок тубдиспансердин башкы дарыгери мэрияга келип балдарды карай турган атайын адисттер жок экендигин айткан. Биз эски имаратка шарт түзүп берүүнү туура көргөнбүз», — деп түшүндүрдү Алтымышев.
Жалал-Абад облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жетекчиси Бурулкан Кадырова кургак учук балдарга алардын иммунитети начар болгондуктан жугуп калган деп божомолдойт. Анын айтымында, мекеменин кызматкерлери ооруну жайылтпоо үчүн алдын ала чара көрүүсү керек болчу.
«Балким бул жерде мекеменин кызматкерлеринин кайдыгерлиги болуп калгандыр. Балдардын карточкаларын карап көрсөк айрымдарынын өпкөсүнө суук тийген экен. Февраль айында да бир бала рентгенге түшкөндө өпкөсү шамалдап калганы аныкталыптыр», — деди Кадырова.
Ошондой эле Кадырова кургак учук менен ооруп калган балдардын абалы жакшырып баратканын айтат. 14 баланын ичинен төртөөнүн өпкөсүн кайрадан рентгенге тартканда динамикасы жакшы болуп жатканы байкалган.
Ал эми психоневрологиялык стационардын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн Жалал-Абад шаардык прокуратурасы текшерүүгө алганда, балдардын кургак учук оорусун жуктуруп алуусунан мыйзам бузуулар табылган эмес.
Жалал-Абаддагы Балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде бир жаштан 18 жашка чейинки акыл-эси кем, шал оорусуна кабылган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланат. Аталган мекеме 1970-жылы негизделип, учурда анда 80ге чукул кызматкер эмгектенет.
2017-жылы Кыргызстан башка КМШ өлкөлөрүнүн арасында кургак учук оорусуна эки эсе көп кабыла тургандыгы белгиленген. Ошондой эле, башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда балдар көбүрөөк оорушат, алар болгондо да бул илдетти чоңдордон жуктурушат. Башкача айтканда өлкөдө кургак учук менен ооруган ар бир сегизинчи бейтап — жаш бала.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылы кургак учук менен 5616 адам катталган. Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылы кургак учуктан дарылангандардын саны 7324кө жеткенин билдирген.