Алёна Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Бишкек мэриясы ӨА жана ӨК учурларында элдин көбү жумушсуз калгандыктан муктаж үй-бүлөлөргө таркатып берүү үчүн азык-түлүк сатып алышкан. Бирок, система ачык-айкын болбогондуктан жана бийлик ар бир коротулган тыйын үчүн берене менен отчёт берүүнү каалабагандыктан, акчанын баары дал азык-түлүк сатып алуу үчүн коротулдубу, же аткаминерлердин чөнтөгүнө түштүбү — белгисиз. Буга аткаминерлерге мамсатып алуулар тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр жардам берет, ал элге отчёт бербестен акчаны оңой сарптоого мүмкүндүк түзөт.

Өзгөчө абал (ӨА) жана өзгөчө кырдаал (ӨК) маалында көптөгөн адамдар жумушсуз калып, тамак-ашка акча жок отуруп калышкан. Мындай оор мезгилде мамлекет муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүп баштыктары менен жардам берүүнү чечкен.

Азык-түлүк баштыктарын сатып алып тараткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бири Бишкек мэриясы болду. Жардам баштыктардын бир бөлүгүн дээрлик кайыр садагага берилген 6 млн сомго сатып алышып, бул тууралуу маалыматты мониторинг үчүн жүргүзүлгөн атайын сайтта жарыялашкан. Бирок иш жүзүндө сайттагы маалымат абдан аз жана үстүртөдөн болгондуктан эмне сатып алып, ага канча каражат кеткенин түшүнүү дээрлик мүмкүн эмес.

«Конфинденциалдуу» документтер үчүн күрөш

Бишкек мэриясынын беткапчан отурган аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев журналисттерге муктаждар үчүн азык-түлүк баштыктары тууралуу маалыматты камтыган ондогон документтердин көчүрмөсүн көрсөттү. Анын ичинде акча бөлүп берүү боюнча комиссиянын чечими, баштыктарды таратуу тууралуу маалыматтар, жеткирүүчүлөрдүн тизмеси жана башкалар. «Жашыра турган эч нерсе жок», — деп Түлөбаев тынбай кайталап, журналистке көрсөтүү үчүн катчысын башка документтерди дагы алып келип берүүсүн суранды.

Башка аткаминерлерден айырмаланып, ал маалыматтын жеткиликтүүлүгү тууралуу расмий сурамды, же берилүүчү суроолордун тизмесин талап кылбай, жолугууга макул болгон. Түлөбаев жеткирип берүүчүлөрдү тандоо жана азык-түлүк баштыктары боюнча мамлекеттик сатып алууларды атайын сайтта жарыялоо тууралуу сөз болгонго чейин бардык суроолорго сылык жана кенен жооп берип жаткан.

Ал бул тууралуу эч нерсе билбесин, себеп дегенде бул үчүн ал жооптуу болбогонун айтып кесиптешине жөнөттү, ал эле эмес кесиптеши менен байланышуунун жолдорун да айтып берди. Түлөбаев керектүү документтин бардыгын кесиптеши берет деп ишендирди. Ошол убактан тартып документтер үчүн күрөш башталды.

Бишкек мэриясынын алдындагы социалдык өнүктүрүү департаментинин башчысынын орун басары Лариса Губина өзүнүн кесиптешинен айырмаланып, суроолорго кыска гана жооп берди. Ал азык-түлүк баштыктарын сатып алуу тууралуу жалпы маалыматты териштирүүгө жардам берди, бирок алар кандай өткөнү тууралуу эч нерсе айта алган жок.

«Биз мамсатып алуулар тууралуу мыйзамга ылайык бааларга мониторинг жүргүзүп, андан кийин комиссияны чогулттук, ал баасы эң төмөн болгон жеткирип берүүчүнү тандады», — деп ал эмне үчүн мамсатып алуулар атайын порталда жарыяланбаганы тууралуу суроого жооп берип, тендердик документтерди берүүдөн баш тартты.

Түлөбаевге кайрадан кайрылып, соцкоргоо департаментине барганда, Губина алар документтерди берээрин айтып, кол астында иштеген кызматкерине жөнөттү — ал мамсатып алуулар менен иштеген жалгыз адам жана ал бардык керектүү документтерди бере алмак.

Алгач кызматкер жолугушууну жылдырып койду, андан кийин чалууларга жооп бербей калды. Өз кезегинде департаменттин башчысы маалыматты алуу үчүн расмий сурам жөнөтүүнү өтүндү. Департамент өз жообунда документтерди «жашыруун» деп атап берүүдөн баш тартты. Юрист Фатима Якупбаева бул документтер мыйзам боюнча «жашыруун» эмес деп эсептейт.

Ошентип тендер документтери жашыруун калып, жеткиликтүү болгон маалымат суроолорду жаратууда.

Кайрадан эле «жашыруундук»

Суроолордун бири: комиссия жеткирип берүүчүлөрдү кантип тандаган, жеңүүчүнү тандаш үчүн кимдердин баа сунуштарына мониторинг жүргүзүп, салыштырган?

«Биз [тендерлерге катышуу тууралуу сунушту] мамсатып алуулар сайтынан тапкандардын бардыгына таратып жөнөткөнбүз», — деп ишендирди Губина. Бирок, ошол эле учурда, мэриянын аппаратынын жетекчиси журналистке сунуштар Губина берген компанияларга жөнөтүлгөн деп билдирген болчу.

Губина журналисттерге курган маегинде айтып бергендей, мамсатып алуулардын сайтында көптөгөн жеткирип берүүчүлөр катталган, бирок ал жакта аталыштары эле жазылып, компаниянын ишмердиги такталган эмес.

«Порталда миңдеген уюмдар катталган, биз жеткирип берип иштейт деп эсептегендерди тандап алдык», — деп түшүндүрдү ал.

Жыйынтыгында, белгилүү бир компаниялар эмнеге жана кантип тендерге катышуу тууралуу сунуштардын жөнөтмөсүнүн тизмесине кирип калышканы табышмак бойдон калууда. Бирок акыркы тизмеде 10 компания калган, алардын ичинен жетөөсүнүн өкүлдөрү мамсатып алууларга катышпагандарын же мындай сатып алуулар өткөнү тууралуу билишпегенин айтышты.

Жыйынтыгында, атайын эсепке кайыр садагага берилген акчага мэрия азык-түлүк баштыктарын сатып алуу боюнча беш тендер өткөргөн. Аларды үч компания утуп алган: «Партнер Кей Джи» («Фрунзе» гипермаркети), «Аламүдүн базары» жана «Народный» соода үйү.

Эң эле ири 3,2 млн сомдук тендерди «Фрунзе» гипермаркети жеңип алган. Компаниянын өкүлү конкурс жөнүндө кантип угуп калышканын жана алар белендеп берген азык-түлүк баштыктарында кандай товарлар болгонун айтып берүүдөн баш тартты.

«Юристтерибиздин корутундусуна ылайык, суралган маалымат конфиденциалдуу мүнөздө, тагыраагы компаниянын коммерциялык сыры болуп эсептелет. Буга байланыштуу биз сиз сураган маалыматтарды бере албайбыз», — деп компаниядан жооп беришти.

Юрист Фатима Якупбаева бул маалымат конфиденциалдуу болушу мүмкүн эмес жана коммерциялык сыр деп эсептелбеши керек дейт.

«Мыйзам боюнча сиз сураган маалыматтар коммерциялык сыр деп эсептелбейт [...] кандай азык-түлүктөр жана кандай баада экенин алар сөзсүз кабарлашы керек, анткени бул жерде келишим боюнча сатып алуучу — мэрия», — деп эсептейт ал.

Азык-түлүк баштыктарын таркатуу / Бишкек шаарынын мэриясы

Потенциалдуу жеткирип берүүчүлөрдүн тизмесиндеги “Орто-Сай” базарынын өкүлү Талант Бейшембеков дагы тендерлер тууралуу эч нерсе билбесин айтты, бирок (мэрияга караштуу) райадминистрация алардын компаниясынан эки «ыктыярдуу-мажбурлоо тартипте» жардам берүүнү сураган. Алардын компаниясы Бишкек мэриясынан соода-сатык кылчу жерди ижарага алат.

Биринчисинде гуманитардык баштыктарды арзан баада даярдап коюшканын айтып, алардан акчаны «Фрунзе» гипермаркетинин эсебине которууну суранышкан. Экинчисинде — аларды муктаждар үчүн азык-түлүк баштыктарын өз эсебиңерден даярдагыла деп суранышкан.

«Биз силерден суранабыз даярдап койгонго аракет кылгылачы, биз деле силер суранганда жардам берип жүрөбүз го, эми силер да жардам берип койгула бизге», — деп ал кандайсүйлөшүү болгонун айтып берди.

Мамсатып алуулар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр

Кадимки учурда бардык сатып алуулар тууралуу маалыматтар мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланмак жана ал баарына ачык болмок, бирок эгер сатып алуулар өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу же чектөө үчүн жүргүзүлсө, анда маалыматты жарыялабай койгонго мыйзам жол берет. Губина маалымат эмне үчүн жарыяланбаганын түшүндүрүп берип жатканда мыйзамдын дал ушул жерине таянган.

Негизи эле мындай муктаждык эмне үчүн керек экени анчейин түшүнүксүз. Мыйзам боюнча, сатып алуунун мындай түрлөрү ансыз да түздөн-түз келишим түзүү ыкмасы аркылуу ишке ашат. Жеңүүчү бааларды мониторинг кылуу аркылуу (мэрия сыяктуу, алардын айтымында, ошондой эле болгон) тандалып алынат. Бул ыкма башкалардан атаандаштык тандоосунун жоктугу, андан тышкары, жыйынтык чыкканга чейин сатып алуу жөнүндө жарыя аз убакта, болгону эки күндө жарыялангандыгы менен айырмаланат.

ӨА маалында, 20-апрелде президент мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койгон, эми ал боюнча өзгөчө кырдаалды болтурбоо үчүн жасалган сатып алууларды дагы жарыялабоого мүмкүндүк берет. Мындай кадам келечекте мамсатып алуулар тууралуу дагы көбүрөөк маалыматтар коомчулуктан жашырылат дегенди билдирет.

Мамсатып алууларды жарыялабоону мүмкүн кылган мыйзам менен баары пайдаланбаганын айта кетиш керек. Бишкек мэриясы сатып алууларда апрель жана май айларында жүргүзгөн. 1-апрелден 18-майга чейин мамлекеттик сатып алуулар сайтында аталышында COVID-19 же коронавирус деген сөздөр бар болгон эң аз дегенде 34 тендер жарыяланган жана алардын жеңүүчүлөрү да бар.

Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алуулардын сайтында жалпы суммасы 4,6 млн АКШ долларын түзгөн 11 тендер тууралуу маалымат бар. Бул акчаларды Кыргызстан Дүйнөлүк банктан алган. Ал жакта жалпы суммалар тууралуу маалыматтар болгону менен сатып алынуучу товарлардын бир даанасы үчүн наркы көрсөтүлгөн эмес. Ал тургай, ушул чектелген маалымат Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын келишиминде милдеттүү түрдө болушу керек дегендиктен эле жарыяланган.

Кайыр садаганын акчалары — бул Бишкек мэриясы азык-түлүк баштыктарын сатып алууга короткон акчалардын аз гана бөлүгү. Буга кошумча жергиликтүү жана республикалык бюджеттин да акчалары пайдаланылган. Жалпысынан муниципалитет 56 млн сом короткон жана ал кандай коротулганы сыр бойдон кала берет.

Азык-түлүк баштыктарын сатып алууга жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акчаларды эсептебегенде Кыргызстан бул максатка 200 млн сом бөлгөн.

Бул материал — Кыргызстандын бийлиги коронавируска каршы күрөшүүгө акчаларды кантип коротуп жатканы тууралуу долбоордун бир бөлүгү

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан: Коронавирус үчүн коротулган акча? Кайсы акча? ¯\_(ツ)_/¯