Жалпысынан коронавируска жана анын кесепеттерин жоюуга Кыргызстан 645 млн долларга чукул (азырынча толук ала элек) каражат сарптоону пландап жатат, бирок мамлекет аларды кандай коротуп жатканы тууралуу жалпыланган гана маалыматтарды берүүдө. Бул долбоор — мамлекет коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн акчаны кантип коротуп жатканын түшүнүүнүн аракети.

Авторлору: Александра Ли, Азиза Раимбердиева

Редакторлор: Миранда Патручич, Анастасия Валеева, Айзада Тома, Илья Лозовский, Кэролин Хеншоу

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков

Котормонун редактору: Расул Үсөналиев

Контрибьюторлор: Саадат Төлөгөнова, Атай Нарынов

Башка тилдерде окуңуз:


COVID-19га каршы күрөшкө миллиондогон доллар короду. Бирок бийлик анын эсеп-чотун жашырууда

Кыргызстан коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшкө миллиондогон долларларды алды жана дагы жүздөгөн миллион доллар алууну пландап жатат. Бирок жыйынтыгында бул акчалар кандай коротулаары таптакыр эле табышмак болуп калышы мүмкүн.


Медиктерге 100 млндон ашык акча: Саламаттык министрлиги кайыр садагаларды кантип айкынсыз коротуп жатат

Кыргызстандыктар өз ыктыяры менен медкызматкерлердин компенсациясына деп кайыр садагага акча которушат. Бул тууралуу маалымат help.covid.kg сайтында жазылган. Бирок, медиктер чын эле акча алыштыбы же жокпу текшерип билүү мүмкүн эмес.


Жашыруун: Калаа бийлиги муктаждардын азык-түлүгүнө деген 6 млн сом кайыр садаганы кандай коротконун жашырууда

Система ачык-айкын болбогондуктан жана бийлик ар бир коротулган тыйын үчүн берене менен отчёт берүүнү каалабагандыктан, акчанын баары дал азык-түлүк сатып алуу үчүн коротулдубу, же аткаминерлердин чөнтөгүнө түштүбү — белгисиз.