Алёна Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

Кыргызстан коронавирус жана анын кесепеттери менен күрөшкө миллиондогон долларларды алды жана дагы жүздөгөн миллион доллар алууну пландап жатат. Бирок жыйынтыгында бул акчалар кандай коротулаары таптакыр эле табышмак болуп калышы мүмкүн.

Ошол эле маалда Кыргызстан COVID-19га каршы күрөшкө миллиондогон доллар коротууда. Бирок бул каражаттарды эл аралык уюмдар бергенби, кайыр садагадан түшкөнбү, же мамлекеттик бюджеттен алынганбы бул тууралуу маалыматты ачыктабай келет.

Жалпысынан коронавируска жана анын кесепеттерин жоюуга Кыргызстан 645 млн долларга чукул каражат сарптоону пландап жатат. Бул республикалык бюджеттеги 15,7 млн доллар, дээрлик 2,2 млн доллар кайыр садагы жана эл аралык уюмдардын акчасы.

Өзгөчө абал (ӨА) режими убагында мамлекет мамсатып алуулар тууралуу мыйзамды өзгөрткөнү да көйгөйдү ырбатып, каражаттарды сарптоодо чоңураак жашыруундукка алып келди.

Кыргызстанда коронавирус жуккан учурлар марттын ортосунда катталган, ушул эле убакта Финансы министрлиги каражаттарды чогултуу тууралуу жарыя кылып, «өз салымын кошкусу келген ар бир кайдыгер эмес жаранды» акчаны кайыр садагага берүүгө чакырган.

Ачык-айкындыкты камсыздоо үчүн мамлекет атайын веб-сайтты ишке киргизген. Ал жактан жарандар чогулган акчанын жалпы көлөмүн, алардын булагын, аны мамлекет кантип коротуп жатканына көз салып тура алышат. Чогулган каражаттын эсеп-кысабын чыгарып туруу үчүн жада калса атайын комиссия да түзүлгөн.

Иш жүзүндө сайттагы маалымат ушунчалык үстүртөн болгондуктан акча кандай колдонулуп жатканын түшүнүү мүмкүн эмес. Ал эми атайын комиссия чыгымдар тууралуу деталдуу маалыматты өзү ала албайт.

«Мамлекеттик органдардын бир нече өкүлдөрү ушул комиссияга киришкен. Анын ишинин ачык-айкындыгынан шек санабайм», — деген пиирин комиссиянын мүчөсү, айыл чарба министринин орун басары Амангелди Исаев билдирген.

Бирок өкмөттүк эмес сектордун комиссияга мүчө болгон Галина Чиркина башкача ойдо. Ал жада калса комиссиянын мүчөлөрү да кайрымдуулук катары чогулган каражаттар кандай коротулганы тууралуу толук маалымат алыша электигин, бирок аларга аны берүүнү убада кылышканын кабарлады.

«Айкындуулук жок [...] Өкмөт айкындуулукту камсыздоо үчүн эч нерсе кылбай жатат, эч нерсе», — дейт ал.

Анын айтымында, мамлекет врачтардын компенсациялык төлөмдөрүн төлөөгө кайыр-садагага берилген акчаны бериш керек деген оюнан кайтпай туруп алган. Мындай кадамдар каржы полициясы тарабынан текшерүүлөрдөн арылууга жардам берген. Чогулган акчалардын көпчүлүк бөлүгү медкызматкерлердин төлөмдөрүнө кеткен.

«Эгер бул бюджеттин акчалары болгондо, тагыраагы анын максаттуу же максатсыз пайдаланылганын финпол текшермек, ал эми эпидфонддогу акчаларды (кайыр-садагаларды) биз гана [комиссия] текшере алабыз», — дейт Чиркина.

Кайдыгер эмес жарандар дээрлик 160 млн сом кайрымдуулук кылышкан. Алардын ичинен көбү медкызматкерлерге ашыкча иштегени жана вирус жуктуруп алуу коркунучу жогору болгон шартта иштегени үчүн компенсация катары төлөөгө жумшалган. Бирок медиктердин көпчүлүгү компенсация албаганын, же аларга каражаттын бир бөлүгүн гана төлөп беришкенин айтып арызданышууда.

Башка 18,5 млн сом муктаждар үчүн азык-түлүк баштыгын даярдоого жумшалган, бирок ал баштактагы азык-түлүктүн баалары жана ичинде так эмне болгону, анын ичинде конкурс кандай өткөрүлүп, жеткирүүчүлөр кандай тандалганы — сыр бойдон калууда.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу эмне үчүн мамлекет акчаны кантип короткондугу тууралуу кенен маалыматты ачыктабай жатканы боюнча комментарий берген жок. Ал бул суроо менен ошол акчаларды сарптаган мекемелерге, мисалы Саламаттык сактоо министрлиги менен Финансы министрлигине кайрылууну сунуштады.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматынын кызматкери Самат Тоялиев суроону «кызыктуу» деп атап, ал анын чоо-жайын билүүгө аракет кылганын, бирок ага ресурстар жетишпегендиктен маалыматты алуу мүмкүн эмес экен деп айтканын түшүндүрүп берди.

«Борбордук казыналычылыктын кызмткеринен сурагам, алар “муну түшүнүү үчүн бир кызматкер жок дегенде эки жума, же бир ай отурушу керек” деп айтышты. [...] мага муну аныктоо кыйын деп айтышты», — дейт ал.

Журналист Тоялиевге дагы бир жолу кайрылганда, ал жооп берүүдөн качып, мунун ордуна министрликтин басма сөз кызматынын ордун сунуштады.

«Сиз өзүңүз иштегени келсеңиз ошондо баарын түшүнөсүз, — деди ал.

Редакторлору: Миранда Патручич, Илья Лозовский, Кэролин Хеншоу

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков

Котормонун редактору: Расул Үсөналиев

Факт-чек: Биргит Брауэр