Республикалык штаб Бишкек жана Ошто ӨА режимин кайра киргизүү маселесин карайт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев эртең мененки брифингде коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабда ӨА режимин кайрадан киргизүү мүмкүнчүлүгү каралаарын билдирди.

«Учурда абал Чүй облусунда, Бишкекте, Ош облусунда, Ош шаарында абдан курч болуп турат. Бүгүн Республикалык штабдын жыйынында өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат жана бардык факторлорду эске алып, чечим кабыл алынат», — деди ал.

ӨА жана ӨК режимдери алынгандан кийин Кыргызстанда жаңы жуктургандардын да, каза болгондордун да саны кыйла өсүп кетти. Соңку аптада каза тапкандар тууралуу күн сайын кабарлашууда, алардын саны 43 адамга жетти. Жалпысынан өлкөдө 3 954 жуктуруу учуру катталды, 2 112 адам айыкты, 1 885 бейтап ооруканада — алардын ичинен 12 адам реанимацияда.

ТЕМА БОЮНЧА: Канча көп тест тапшырылса, ошончо көп бейтап аныкталат. Коронавирус кептеген көйгөйдү түшүндүрүп беребиз