«Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» деген темада «Азаттык» радиосу, ОCCRP жана Kloop биргелешип жүргүзгөн иликтөөдө сырдуу үй-бүлө көмүскөдөгү регионалдык ири карго компаниясын иштетип, 700 миллион доллардан ашуун каражатты Кыргызстандан кантип чыгарып кеткенин мойнуна алып айтып берген адамдын документтери, далилдери колдонулган.

Материалдар 2019-жылдын аягында жарыяланганда, анда баяндалган көмүскө бизнеске салымын кошуп, киреше тапкан Бажы кызматынын мурдагы жетекчилеринин бири, таасирдүү адам Райымбек Матраимовдун ысымы аталгандыктан, жарандар көчөгө чыгып, нааразылык акцияларын уюштурган.

Жашыруун карго түйүнүн башкарган Абдукадырлардын үй-бүлөсү иликтөөнү жоопсуз калтырды. Бирок мурда жана азыр да бир тобу мамлекеттик кызматтарды аркалаган, таасири күчтүү Матраимовдордун үй-бүлөсү көп илгиртпей жооп узатты. Алар материалдарда көрсөтүлгөн фактылар менен маалыматтарды четке кагуу менен гана чектелишпеди. Иликтөө жарыялангандан көп узабай алар «Азаттык» радиосу менен Kloop маалымат агенттигин сотко беришти.

Бул үй-бүлө, алардын колдоочулары, ал гана эмес өкмөттүк мекемелер журналисттик иликтөөдө пайдаланылган финансылык документтердин, маалыматтардын чын-төгүнүнөн күмөн санап, Айеркен Саймаити кабарчыларга жасалма документтерди берген деп да чыгышты. Ушул тапта Кыргызстандын коопсуздук органдары жүргүзүп жаткан иликтөөнүн баш каарманы — Саймаити өзү журналисттик иликтөө жарыяланаарына аз калганда атып өлтүрүлду.

Кабарчылар ал берген документтерди, маалыматтарды кылдат текшерип анализдеш үчүн колдон келген аракетин жасашты. Көп учурларда түрдүү документтерде, маалымдамаларда көргөзүлгөн суммаларды коомчулуктун колу жеткен ачык булактардагы, анын ичинде АКШ, Бириккен Араб Эмираттары жана башка өлкөлөрдөгү кыймылсыз мүлк тууралуу маалыматтардын жардамы менен ырастай алышты. Американын банктарынан журналисттер ала алган финансылык кагаздардын чакан топтому Саймаитинин ондогон электрондук акча которууларын бышыктап, ал берген көпчүлүк документтердин аныктыгына ишенүүгө түрткү боло алды.

Айкындуулукту толук камсыздоо кызыкчылыгында, биз эми журналисттик иликтөөдө колдонулган бардык документтердин түп нускасын жарыялап жатабыз. Аларда банк эсептеринин ээлеринин ысымдары гана жеке купуялуулукту коргоо максатында азыраак редакцияланды.

Төмөндөгү издөө функциясы бар интерактивдүү карта Саймаити журналисттерге берген 843 акча которуу тууралуу транзакциялардын топтому. Карта Кыргызстан менен Түркиядан канча акча кайсы мамлекетке которулганын көргөзөт. Транзакциялар дагы кошумча документтер менен бышыкталган учурларда, аларды өзүнчө, же чогуусу менен көчүрүп же жүктөп алса болот. Саймаитинин кайда, канча акча которулганын жазып жүргөн эсеп-кысап кагаздары да жарыяланды. Документтердин көчүрмөлөрү киргизилген жок, интерактивдүү карта колдонууга ыңгайлуу болсун деп маалымат базасы бир аз тазаланды.

Интерактивдик карта

Документтер

Бардык документтерди көчүрүп алыш үчүн бул жерди басыңыз

Саймаитинин акча которуулар тууралуу жадыбалы бул жерде

Интерактивдүү картага чогултулган документтердин булактары бул жерде

Мындан тышкары Саймаити журналисттерге берген башка документ-маалыматтар топтомун өзүнчө жарыялап жатабыз. Акча төлөмдөрү тууралуу дүмүрчөктөр, насыя тууралуу жасалма келишимдер, көз жазгырыш үчүн жазылган контракттар, жеке эсеп-кысап жазылган кагаздар топтому далай жылдар бою эбегейсиз суммадагы көмүскө акчаны адалдоо ишин Саймаити кантип жүзөгө ашырганын кошумча сүрөттөп, чечмелей алат.

Акча дүмүрчөктөрүн бул жерден жүктөй аласыз

Жасалма насыя келишимдери жана көмүскө контракттар бул жерде

Саймаитинин жеке эсеп-кысап жана маалымат жазган кагаздары бул жерде

ТЕМА БОЮНЧА: