Өткөн жылдын ноябрында Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаитинин акыркы олуттуу айыптоолорунун бири Кыргызстандагы таасирдүү аткаминердин пайдасына Лондонго миллиондогон фунт стерлинг салганын айтканы. Ал акча кайда кеткен? Табылган далилдерге токтололу.

Былтыр ноябрда Айеркен Саймаити Стамбулда киши колдуу болордун алдында сырдуу уйгур үй-бүлө Абдукадырлардын Кыргызстандагы акчасын кантип абдан жемиштүү адалдаштырып бергенин журналисттерге айтып берген.

Саймаити берген маалыматтар «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop маалымат агенттиги биргелешип жүргүзгөн бир нече иликтөөгө негиз болду. Журналисттик иликтөө Кыргызстанда коррупцияга каршы митингдерге түрткү болуп, өлкөнүн саясий айдыңындагы кызуу талкууга жем таштады.

Саймаитинин киши колдуу болушу менен бир катар табышмактуу жагдайлар, анын ичинде ал «Британияга салгам» деген 5,6 миллион фунт стерлингдин тагдыры белгисиз калган.

Абдукадырдын үй-бүлөсү жана алар Кытайдан Борбор Азияга аткезчилик менен жүк ташыганы тууралуу бул жерден окуңуз.

Саймаити бул акча Лондонго кыргыз бажысында жогорку кызматтарды ээлеп турган аткаминерге кымбат баадагы байманалуу батир алууга кеткен деп чечмелеген. Анын айтымында, бул каражат кыргыз аткаминерине Абдукадырдын үй бүлөсүнө миллиондогон долларлык пайда таптырган мыйзамсыз карго империясын калкалап турганы үчүн сый акы катары берилген.

Саймаити ал аткаминерди убагында Кыргызстандын Бажы кызматында жетекчи кызматта иштеп, мамлекеттен чектелүү маяна алганына карабай үй-бүлөсүнө байманалуу турмуш куруп берген Райымбек Матраимов деп атаган.

Tаасирдүү, көмүскөдөгү мурдагы аткаминер анын Абдукадырдын мыйзамсыз бизнеси менен байланышын ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдөн кийин өлкөдөгү антикоррупциялык нааразы маанай, коомдук талкуунун башкаарманына айланган.

Мурдагы иликтөө Саймаити Абдукадырдын бизнестен тапкан кирешесинин бир бөлүгүн Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна жана алар Дубайда чогуу ээлик кылган кыймылсыз мүлк долбоорлоруна которулганын көрсөткөн. Бул ортодогу кызматташтык үчүн Матраимовго берилген сый акы катары мүнөздөлгөн. Матраимовдор мындай айыптарды четке кагып келишет.

Темза дарыясына чукул, Лондондун тарыхый борборуна жакын жердеги кымбат баалуу «Рен Хаус» турак-жай комплексинен кооз апартамент сатып алуу планы Матраимовдун үй-бүлөсү жактырган жашоо образына жарашат. Мурдагы мамлекеттик кызматкердин тун уулу британ баш калаасында менчик кымбат окуу жайга барып, он миңдеген долларлык саат тагынып таанылган. Мурунку бажычынын аялы да Лондонго бир нече жолу барганы белгилүү.

Матраимовдор Саймаитини тааныбасын билдиришип, анын аялынын банк эсебинен болгону 200 миң доллар гана келгенин ырасташкан. Искендер Матраимов ал сумманы «Өзжан деген досу» которттурганын айткан эле. Саймаити аны кайра четке кагып, Абдукадырдын нускоосу менен Матраимовдордун фондуна акча которуп турганын кайталаган.

Бакай Матраимов он миңдеген долларлык саат тагынып таанылган. Сүрөт: Instagram

«Mатраимовдордун үй бүлөсүнө берилген» деген ыктымал пара тууралуу айткандарын бекемдеш үчүн Саймаити бир нече документ көрсөткөн. Алар: апартаментке деп акча которулган «эсеп тууралуу маалымат» жана банк аркылуу кеткен акчанын электрондук документи. Бул документтердин деталдары апартаментти сатып алууга акча которгон банктардын маалыматына дал келет. Банк эсебинин көчүрмөсүндөгү сумма ошол үй сатылган баага жакын.

Ага карабай, апартаменттин тарыхы барган сайын кызыктуу боло баштайт.

Матраимовго байланыштуу колго жазылган эки гана документ бар. Электрондук акча которуулардын жалпы суммасы Лондондогу апартаменттин баасынын жарымынан аз. Бир нече айга созулган журналисттик иликтөөнүн жүрүшүндө мүлктү Матраимовдор же Абдукадырлар менен түз байланышы жок бирөө сатып алганы аныкталды.

Сaймаитиде кошумча которулган акчанын документи болгон-болбогону, же аларды журналисттерге бергенге үлгүрбөй калдыбы – белгисиз. Ошондой эле эмне үчүн акча которулса да мүлк сатып алынган эмес? Анын жаңы ээси мурунку сатып алам деген киши кымбат баалуу батирден баш тартканын билдирген. Ошентип былтыр Стамбулда өлтүрүлгөн Саймаити Лондондогу апартаменттин тарыхын өзү менен ала кетти. Андыктан Саймаити «Лондонго салгам» деген 5,6 миллион фунт стерлинг кайда кетти деген суроого жооп табыла элек. Бул акча Саймаити ыктымал пара иретинде бергем деген эң соңку жана өзгөчө маалымат бойдон калды.

Абдукадырдын үй-бүлөсүнө жөнөтүлгөн каттарга жооп келген жок. Матраимовдордун өкүлдөрү толук жооп берүү үчүн кошумча убакыт сурашты. Бирок макала жарыяланганга чейин кайра кайрылышкан жок.

«Лондон, Адил аркылуу Раимге»

Саймаити маектеринин биринде «Англияга акча котордум. 5 миллион 600 миң фунт стерлинг. Ал жакка үй үчүн деп которгонбуз. Матраимов Райымдын үйү үчүн деп. Үйү анын атындабы, башканын атындабы уккан эмесмин» деген эле.

Саймаити журналисттерге айтып бергендей, Матраимовдун батирине деп которулган акчаны ал жогортон тапшырылгандай, чоң Абдукадырлар кланын башында турган 56 жаштагы Хабибула Абдукадырдын уулу Айбибула Нуермайматинин (Ал жигиттин уйгурча аты-жөнү Нурмамбет Хабибула) атына жиберген.

«Нурмамбет Хабибулла, Англиядагы үйүнүн ишин ошол кылган. Мен акчасын которгом. Бирок алар "Райым аканин үйү үчүн" деп жазың документке деген. Мен өзүмдүн эсеп китебиме Райым акеге берилди деп белгилеп койгом», — деп тактаган Саймаити.

Ал ушул айткандарын бышыктап, журналисттерге апартаментке түздөн-түз байланыштуу үч документти берген. Банктан акча которулгандыгы тууралуу тастыктама жана эки акча которуунун электрондук документи колубузга тийген.

Датасы белгисиз банк эсебинин көчүрмөсү апартаменттин сатыкка коюлган баасы  5,446,800 фунт стерлингге дагы башка чыгымдар кошулганын Саймаити бышыктаган. Ошондой эле 1,634,404 фунт стерлинг апартамент үчүн депозит катары берилгени көргөзүлгөнү менен, ал акчанын кайдан келгени — төркүнү белгисиз.

«Рен Хауска» байланыштуу үч документти Саймаити кабарчыларга берген.

Эки акча которуу 2017-жылдын январында 1 миллион фунт стерлинг Лондондогу Svetlova LLP юридикалык фирмасына берилгенин айгинелейт. Бул фирма орус тилдүү жана чет жакта жашаган, анын ичинде Британиядан мүлк сатып алууну көздөгөн кардарларды тейлейт. Банк эсептеринин көчүрмөсү көрсөткөндөй, фирма мүлктү сатып алууда ортомчу болгон.

Акча Түркиядагы коомчулукка белгисиз Adil Global Dis Ticaret Limited Sirketi компаниясынан которулган. Саймаити Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн акчасын адалдоо үчүн дал ушундай түрк фирмаларын пайдаланганын айтып, аны далилдеген документтерди берген.

Adil Global: Артында ким турат?

Adil Global компаниясынын мыйзамдуу ээсинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Анын бир тууганы Исмаил Кашкари журналисттерге учкай сүйлөп берди. Түрк жараны Кашкари Саймаити менен жеке тааныш болгонун жана бир-эки жолу чогуу тамактанганын айтып берди. Ал компания ага таандык экенин айтканы менен расмий документтер аны тастыктабайт. Кашкари компаниясы Өзбекстан менен Кыргызстанга жүк ташыган «карго компания» экенин ырастады. Бирок анын компаниясы качандыр бир кезде Британиядан товар алганын сураганбызда так жооп берген жок. Ал эми Лондонго акча жиберилгени эсинде жоктугун айтты.

2016-жылдын ноябрында Түркиянын бийлиги жети өзбек жана бир кыргыз жаранын Стамбулдун Ататүрк аэропортуна 9,5 миллион доллар нак акча менен учуп келгенде кармаган.

Бир нече күндөн кийин Кашкари 5,36 миллион доллар ал ээлик кылган компанияга таандык экенин жана мыйзамдуу бизнесинин акчасы болгонун айтып чыккан.

Журналисттер ал компания Adil Global катталган даректе экенин таап чыгышкан. (Саймаити нак акча ташыгандардын түйүнүн башкарып, курьерлер Кыгызстандан Стамбулга акча ташып турушкан. Жогоруда кармалгандар менен анын иштешкен-иштешпегени белгисиз).

Эки электрондук акча которуунун документтеринде «төлөмдүн чоо-жайы» деген жерде Түркиядагы табышмактуу фирма менен Абдукадырдын үй-бүлөсүн байланыштырган адамдын аты «Айбибула Нуермаймаити» деп жазылган.

Саймаитинин жеке эсеп дептериндеги бул акча которуулар 1.2 миллион доллар же 1 миллион фунт стерлингге барабар акча 2017-жылдын январында жөнөтүлгөн. Анда уйгурча «London Adil arkilik Riyim» кыргызча которгондо «Лондон, Адил аркылуу Раим» деп жазылган. (Айеркен Саймаити берген сүрөт)

Үч документ тең бизди кызыктырган «262 Рен Хаус» дарегиндеги мүлккө байланышат.

Британиянын Жер Каттоо кызматынын журналында бул код Борбордук Лондондун престиждүү Стрэнд көчөсүндөгү көз жоосун алган имараттын 6-кабатындагы апартаментке таандык.

Кымбат баалуу турак-жай комплекси байманасы ашып-ташыган тургундарга 2017-жылдын башында эшигин ачкан. Бассейн, сауна, үй ичиндеги кинотеатр, гараж, 24 саат бою кире бериште отурган консьерж жана эшикти жаап-ачкан швейцары бар. Үйдөн Темза дарыясына, Падышалык сот менен Падышалык опера театрына чейин жөө бассаң заматта жетесиң.

Лондондун Стрэнд көчөсүнүн 190-дарегинде жайгашкан «Рен Хаус». Сүрөт: Public domain

Саймаити кабарчыларга акча которуулардын электрондук документин берген. Анын ичинде аялы Вуфули Бумаилиаму 2016-жылдын сентябрь айында Нуермаймаитинин Британиядагы банк эсебине дагы эки жолу акча которгону бар.

876,105 фунт стерлинг жана 60,000 фунт стерлинг которулганын көрсөткөн документтерде «RK» деп кол менен белгиленген. Саймаити Райымбек Матраимовдун аты-жөнүн ушинтип белгилеп жүргөнүн айтып берген. Ар бир документте «RK» дегендин тушуна «Angilya» деп уйгурча кол менен жазган. Бирок ал жердеги акча мүлккөбү, же башка максаткабы беймаалым калган.

Саймаитинин аялынын акча которууларын жана анын түрк банкындагы эсебинин көчүрмөсүн бул жерден көрө аласыз. Вуфули Лондонго которгон акча анын эсебине бир аз мурда келип түшкөнүн банк документи көрсөтөт.

Раимбек Матраимовдун Лондон менен негизги байланышы уулу Бакай Матраимовго барып такалат.

Лондондогу престиждүү Bellerbys College окуу жайынын китепчесинде Кыргызстандан келген студент «Б.Матраимов» окууну 2017-жылы аяктап, Сити университетинин Cass Business School окуу жайына өткөнү жазылган.

Абдукадыр үй-бүлөсүнүн Лондондо ондогон миллион долларды чапчыган кыймылсыз мүлкү бар.

Окуу жайдын коомчулук менен байланыш кызматы «маалыматты коргоо жана купуялуулукка» таянып, «учурдагы жана мурдагы студенттер» тууралуу маалымат берилбей турганын айтты.

Бакай Матраимовдун LinkedIn profile порталындагы профилинде 2016-2019-жылдары Сити университетинде окуганы көрсөтүлгөн. Анын апасы Уулкан (Аманда) Тургунова Лондонго ар кайсы учурда, анын ичинде уулу 21 жашка толгондо барган. Ал британ баш калаасындагы айрыкча кымбат Savoy сыяктуу кооз мейманканалардан түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

Бакай Матраимовдун апасы Уулкан (Аманда) Тургунова Лондондун Savoy мейманканасынан Инстаграмга чыгарган сүрөтү. Сүрөт: Instagram

Үчүнчү тараптан келген акча

Саймаити Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн атынан Британияга жиберген миллиондогон фунт стерлинг юристтердин алардын кардарга көрсөткөн кызмат акысы кандай булактардан келип жатат деген суроого көңүл буруу жоопкерчилигин көтөрөт.

Эгер кыймылсыз мүлктү сатып алчу каражаттын төркүнү күмөндүү болсо эмне кылуу керек? Британиядагы UK Legal Sector Affinity Group аттуу текшерүүчү органдардан жана юрист адистерден турган мекеме каржынын кайдан келгенин кардарлардан сурап, алардын түшүндүрмөсүнүн чын-бышыгына жетүү зарыл экенин эскертет.

«Үзүлгөн транзакциялар»  акча адалдоонун бир жолубу?

Адвокаттардын эл аралык ассоциациясынын жумушчу тобу юристтердин кардарларынын эсептери акча адалдоого колдонулушу ыктымал экенин белгилейт.

Кардардын эсебин көмүскө максатта колдонуунун бир жолу «үзүлгөн транзакциялар». «Кылмышкерлер өз изин жашыруу үчүн мыйзамсыз табылган акчаны адвокаттын кардар эсебине которгон соң банктын транзакциясы аягына чыкпай эле үзүлүп калат» – деп түшүндүрөт аталган мекеменин 2014-жылкы нускамасы.

Жумушчу топ «үзүлгөн транзакция» мыйзамсыз экенин текшерүү татаалдыгын жана юристтер бир нече жагдайга көңүл бурушу керектигин эскертет. «Кардар каражат кайсы бир булактан келээрин айтып, акыркы мүнөттөрдө булакты алмаштырып салат; кардар эсепке түшкөн акчаны кайра артка, же үчүнчү тарапка, же дегеле бир нече тарапка жиберүүнү өтүнөт. Кылмыштуу жол менен акча тапкан кардардын изин жашыруу үчүн кээде үчүнчү тараптын көрсөтмөсү менен такыр башка жакка акча которттурат»

«Рен Хаустагы» апартаментти сатып алууда ортомчу фирма катары Svetlova LLP көрсөтүлгөн. Фирманын кардар эсебине Түркиядагы белгисиз компаниядан акча которулган. Интернет сайты жок, көзгө көрүнгөн ишкердик менен алектенбеген компаниянын банктык документтеринде көрсөтүлгөн Айбибула Нуермаймаити менен түз байланышы табылган жок.

Svetlova LLP фирмасынын ээси, юрист Татьяна Светлова. Ал бул акча которууга байланыштуу кандайдыр бир аракет көргөн-көрбөгөнүнө кызыккан сурообузга жооп берген жок. Белгилей кетүүчү жагдай, Svetlova LLP фирмасы өзүнүн укуктук жана кесиптик жоопкерчилигине шек келтиргени тууралуу далил жок.

Светлова анын фирмасы «бардык мыйзамдык-нормативдик, анын ичинде арам акчаны адалдаштырууга каршы күрөштүн талаптарын, каражаттын булагын тактаган талаптарды так аткарарын» билдирди. Ошондой эле керектүү учурда «тиешелүү маалымат көзөмөл жана укук коргоо органдарына» берилерин кошумчалады.

Ал өзү жана анын кесиптештери мурда-кийин Саймаити, анын киши колдуу болгону тууралуу укпаганын жазды.

Светлова купуялуулук эрежесинен улам анын фирмасына кайрылган кардарлардын аты-жөнүн жана аларга эмне кызмат көрсөтүлгөнүн айта албай турганын билдирди.

«Силердин суроолорго жооп берип же аны төгүндөй албайбыз», — деп жазып, «бизден талап кылынган кесиптик чектөөлөр бар, мындан негативдүү жыйынтык чыгарылбышы керек», — деп кошумчалаган.

Светлова анын фирмасы «Борбор Азиядан кылмыштуу жол менен чыгарылган акчаны адалдаштырууга аралашкан, же байманалуу уйгур үй-бүлөнүн кыргыз бажысынын жогорку кызматтагы аткаминерин паралоосуна билип туруп жол берген» деген жоромол айыптоо «карандай калп» болорун эскертти.

«Бидени жактырган кардар»

Британиядагы «Рен Хаустагы» апартаментке которулган акча – кайра артка кайтарылганбы, башка бирөөгө которулганбы, же бөлөк кыймылсыз мүлк сатып алууга кеткенби, азырынча беймаалым.

Акча которууларда дареги көрсөтүлгөн батирди акыры бирөө сатып алган. Бирок анын Абдукадыр же Матраимовдун үй-бүлөсү менен байланышы жок сыяктанат.

Үйдү орусиялык бай ишкердин мурдагы аялы 2017-жылдын 19-майында сатып алган. Сатып алуу Саймаити Svetlova LLP фирмасына акча которгондон төрт айдан кийин ишке ашкан.

Батирдин азыркы кожоюну мүлктү офшор компаниясы аркылуу 5.3 миллион фунт стерлингге сатып алган. Бул сумма Саймаити берген документтердеги каражатка жакындайт.

Кожойке биз менен болгон интервьюсунда жаркыраган чоң, кооз батирди аны курган Berkeley Group компаниясынан түз сатып алганын айтты. Ага ал батирди алмакчы болгон мурунку кардар капыстан эле чечимин өзгөртүп, бат эле баш тартканын айтышкан.

Орусиялык ишкердин мурдагы аялы батирди көргөнү келгенде «сатыкка жаңы эле чыкканын, а түгүл мурунку кардар туалетин кайра жасатып, биде функциясын коштурганын» айтып беришкен.

«Өзүңөр билгендей, Berkeley акчасыз эч нерсени өзгөртмөк эмес. Мен билгенден кардар мындан да жакшы батир тапкан, Berkeley аркылуубу же башка компаниябы, аны айта албайм»,  деди ал биз менен маегинде.

Ал ошондой эле батирди сатып алам деп кийин айнып кеткен делген мурунку кардар ким экенин билбей турганын кошумчалады.

«Чындыгында мен сураган эмесмин. Ага кызыккан деле жокмун. Мен сураган күндө деле алар ошол кардардын аты-жөнүн, эмне себептен үйдү сатып алуудан баш тартканын айтмак эмес. Бул жерде купуялуулук бар», – деди.

Лондондогу сөз болгон батирдин ээсинен Svetlova LLР фирмасы жөнүндө сураганыбызда «ал фирманы деги эле уккан эмесмин» деп жооп кайтарды.

Berkeley Group компаниясынын жетекчиси Роб Перринс  «Рен Хаустун» 4-кабатындагы баасы 2.1 миллион фунт стрерлинг турган батирдин ээси. Ал Саймаити журналисттерге берген документтер, ошондой эле 262-батирди алам деп, кайра келишимден баш тарткан кардар тууралуу жазган электрондук каттарыбызга жооп берген жок.

Berkeley Group компаниясынын адвокаты Жоанна МакКлелланд электрондук кат менен жиберген суроолорубузга «Биз кардарлар же мүлк сатып алып жаткандар тууралуу эч нерсе айтпайбыз» деп жооп кайтарды.

ТЕМА БОЮНЧА: