Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда машина коюп кеткен велосипедчендердин экинчиси көз жумду

Кыргызстандын триатлон федерациясы Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда машина сүзүп кеткен велосипедчендердин экөөсү тең каза тапканын кабарлады.

Федерациянын маалыматына ылайык, кырсыкта адискөй триатлончулар Евгений Требунский менен Илья Сидоров каза тапкан.

«Евгений менен Илья ошол каргашалуу таңда “Манас” аэропортуна барчу жолдо веломашыгууга кетишкен. Аларды мас айдоочу катуу келип сүзгөн, натыйжада Илья Сидоров жеринде каза таап, ал эми Евгений Требунский тез жардам унаасында ооруканага баратканда көз жумган», — деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

Кырсык болгон учурда айдоочу мас болгон деген маалыматты «Клоопко» Чүй облустук ЖКККББсынан тастыктап беришти.

Триатлон федерациясынан маркум спортчулардын экөөсү тең мурда профессионалдык жактан велоспорт менен машыгып, СССРдин жана Кыргызстандын байге ээлери болушканын маалымдашты. Илья Сидоров СССРдин, ал эми Евгений Требунский Кыргызстандын спорт чебери болгон.

«Спортчулар өлкөдөгү жана дүйнөдөгү кырдаалга карабастан жигердүү машыгып жатышкан, алар спорт сүйүүчүлөрүнө гана эмес, профессионал триатлеттердин өсүп келе жаткан муунуна да үлгү болушкан», — деп билдиришти федерациядан.

Адам өмүрлөрүн кыйган жол кырсыгы 30-июнда Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда катталган. «Audi C4» унаасынын айдоочусу болжолдуу саат 10:40та эки велосипедчен адамды сүзгөн.