Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда машина велосипедчен эки кишини коюп кетти

Чүй облусунун ЖКККББсынын басма сөз кызматы 30-июнда Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда болжол менен саат 10:40та «Audi C4» унаасынын айдоочусу велосипед тепкен эки кишини коюп кеткенин «Клоопко» билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, велосипедчендердин бирөөсү жеринен каза таап, экинчиси оор жарааттары менен ооруканага жеткирилген.

Окуянын так себептери азырынча белгисиз, жол кырсыгынын жагдайлары аныкталып жатат. Милиция кызматкерлери айдоочуну кармашкан.