Саламаттык сактоо министрлиги бир апта мурун чет жактан келгендерди текшерүү боюнча алгоритмин өзгөрттү. Ага ылайык чет элден келгендердин баарынан коронавируска анализ алынбайт. Министрликтен мунун себебин Covid-19 жуктургандардын басымдуу бөлүгү өлкө ичинде катталып жаткандыгы менен түшүндүрүштү.

Буга чейин чет өлкөдөн келгендердин бардыгы милдеттүү түрдө коронавируска тест тапшырып, 14 күн обсервацияга алынчу.

«Азыр чет жактан келгендерден ПЦР-анализ алынбайт, ыкчам тест жасалбайт, алар обсервацияга дагы алынбайт. Келгенден кийин алардан анкеталык маалыматтар алынып, телефонуна мобилдик тиркеме орнотулуп, 14 күн үйүндө болушат. Эгер өзүлөрүн жакшы сезишсе үйүндө боло берет. Кокус оорунун кандайдыр бир симтомдору аныктала турган болсо жашаган жериндеги ооруканага, өзүнүн үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылат. Мобилдик бригада келип аларды көрүп, эмне кылуу керектигин жазып беришет», — деди «Клоопко» министрликтин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Айгерчинова мурда чет жактан келгендерден тест оорунун өлкө ичине жайылып кетпешин камсыздоо үчүн жасалып келгенин белгиледи. Бирок ал учурда оорунун жаңы учурлары эң көп Кыргызстандын ичинде катталууда дейт.

Маалымат катчы мисал катары, 1-июлда 439 кишиден илдет табылса, анын төртөө гана чет жактан келгендер экенин айтты.

Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюуга жалпысынан 645 млн долларга чукул (азырынча толук ала элек) каражат сарптоону пландап жатат. Бирок мамлекет аларды кандай коротуп жатканы тууралуу жалпыланган гана маалыматтарды берүүдө. Андан сырткары кайрымдуулук иретинде келген каражаттардын коротулушу боюнча эсеп-чотту ачык бербей келет.