Өлкөдө жасалма дем алдыруу аппараттары жана кислород концентраторлору жетпей жатат

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 1-июлда брифингде өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппараттар менен кислород концентраторлору жетпей жатканын билдирди.

Анын маалыматына ылайык, азыр өлкөдө 493 жасалма дем алдыруу аппараты иштеп жатат, алардын ичинен 20 аппаратты эл аралык уюмдар берген. Мындан тышкары, кошумча 109 аппарат алынган, алар айлана чөйрөдөн кислород бөлүп чыгарууга жана концентрациялоого багытталган. Жалпысынан өлкө боюнча мындай аппараттын 310 даанасы бар.

Министрдин орун басары учурда дагы 220 жасалма дем алдыруучу аппарат жана 2003 кислород концентратору керек экендигин айтты. Анын айтымында, ведомство учурда зарыл медициналык жабдууларды алып келүү боюнча иш алып барып жатат.

«Биз Орусиядан жабдууларды күтүп жатабыз. 3-июлда Кытайдан келет. ССМ Түркиядан жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кыргызстанда мындай жабдуулар өндүрүлбөйт», — деди Каратаев.

Саламаттык сактоо министрлиги апрелде ооруканалардагы жасалма дем алдыруучу аппараттардын жарымы жараксыз абалда экенин маалымдаган. Анда министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев ведомство 80 жасалма дем алдыруучу аппарат сатып алууну пландап жатканын айткан.

Койка, жабдык жана мээрбандардын жетишсиздиги

Мындан тышкары, министрдин орун басарынын айтымында, Штабда үч негизги маселе бар — ооруканаларда коронавирус менен ооруган оор абалдагы адамдарды кабыл алуу үчүн койкалар жетишсиз, тез жардам унааларынын жана мобилдүү бригадалардын кызматкерлери жетишсиз, ошондой эле COVID-19 суроолору боюнча 118 жана 103 колл-борбору чалууларды кабыл алууга үлгүрбөй жатат.

Ведомство коронавирус өөрчүткөн пневмониясы оор бейтаптарды кабыл алуу үчүн дээрлик күн сайын жаңы пункттарды ачып жатат. Орундар бир нече сааттын ичинде толуп калууда.

Тез жардам унааларынын жетишсиздигине байланыштуу 29-июнда өкмөт 15 машинаны ишке киргизген. Ал унаалар аларды жеткирип берүү боюнча козголгон кылмыш ишинин айынан жумушсуз турушкан. Ошондой эле, коргоо боюнча мамлекеттик комитет 5 тез жардам унаасын бөлүп берген, алар 118 жана 103 линияларын тейлеп иштешет.

Күн сайын көптөгөн кыргызстандык коронавирус суроолору боюнча 118 линиясына чалып кеңеш ала албай жатканын айтып даттанууда. Бирок ал линия жакында эле күнү-түнү иштөө режимине өткөн. 30-июнда COVID-19 жуктуруп алгандар менен байланышта болгону үчүн кызматтын башкы кеңсеси дезинфекцияга жабылган эле.

Расмий маалыматтарга ылайык, өткөн сутка ичинде өлкөдө коронавирус 439 адамдан аныкталды. Жалпысынан 1-июлга карата коронавиру инфекциясын жугузуунун 5 735 учуру катталды.

750 бейтап стационарда дарыланып жатат, алардын ичинен 19 адам реанимацияда. ҮМБнын кеңеши боюнча 2 480 адам үй шартында дарыланып жатат.

Жалпы 2 443 адам айыкты, 62 бейтап коронавирустан каза тапты.

Пневмения болуп ооругандардын саны көбөйүп жатканы кырдаалды мында да оорлоттту — 1-июлга карата Бишкекте эле 746 адам ооруканага жаткырылган. Ошол эле учурда 217 адам оор абалда, 79 бейтап өзгөчө оор абалда.