Өлкө боюнча өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарынын жарымы иштебейт — ССМ

Кыргыз-түрк ооруканасындагы өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар. Сүрөт: Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын ооруканаларында өпкөнү жасалма дем алдыруучу 649 аппарат бар экенин кабарлады. Бирок алардын ичинен болгону 365 аппарат иштейт.

Министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтуусу боюнча, Кыргызстанга жок дегенде 80 өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратын сатып алыш керек.

«Фонддордун эсебинен бул убакыт аралыгында төрт аппарат сатылып алынды. Алар Бишкек, Баткен, Токмок жана Жалал-Абаддын инфекциялык станционарларына өткөрүлүп берилди», — деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

Ведомствонун экс-министри Космосбек Чолпонбаев буга чейин Кыргызстанда 624 жасалма дем алдыруу аппараты бар жана резервде дагы жүз аппарат бар экенин билдирген болчу.

Саламаттык сактоо министринин орун басары жана өлкөнүн башкы санврачы Төлө Исаков Дүйнөлүк банк коронавируска каршы күрөшүүгө 8 млн доллар бөлүп бергенин билдирген. Бул акчаны 200 өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат сатып алууга чыгымдоо пландалган болчу.

14-апрелге карата, Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 430 адам катталган. Алардын бешөөсү оорудан каза тапкан.

Инфекция менен ооруган 13 адам оор абалда, алардын үчөөсү — медиктер. Дагы тогуз бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Медицина персоналынын арасында жалпысынан 79 адам COVID-19га чалдыккан.