Баткен облусунда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты

Баткен шаары

Республикалык штабдан 2-июлда Баткен облусунда COVID-19дун жаңы 18 учуру катталганын маалымдашты. Баткен шаарында — 6, Лейлек районунда — 6, Кадамжай районда — 5, Кызыл-Кыя шаарында — 1 адам илдетке чалдыкты.

Жалпысынан Баткен облусунда коронавирустун 108 учуру катталды. Учурда ооруканаларда 31 бейтап калууда, ал эми коронавирусту жуктуруган, бирок оорунун белгилери жок 23 жаран үй шартында дарыланууда. Ошондой эле оорулуулар менен карым-катнашта болгон 128 жаран обсервацияга алынган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, учурда обсервация үчүн 1790 орун даяр. Ал эми коронавируска чалдыккандар үчүн ооруканалардын жугуштуу оорулар бөлүмүндө 156 орун бар. Учурда оорулуулар үчүн дагы 435 орун даярдоо пландалууда.

Кыргызстанда 2-июлга карата коронавирустун жалпы 6261 учуру катталды. Алардын 2530у илдеттен айыгып, 66 бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү ооруканаларда 735 адам дарыланууда — алардын ичинде 110 бейтап оор абалда.