Өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 6261ге жетти — жаңы 526 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 2-июлдагы брифингде Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 526 учуру катталганын маалымдады. Илдетти жуктуруп алгандардын арасында 42 медкызматкер бар.

Жаңы учурлардын негизги бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда катталды — 211 жана 231. Ошондой эле Жалал-Абад облусунда — 27, Ош шаарында — 19, Баткен облусунда 18, Ысык-Көл облусунда он, Ош облусунда алты, Нарын облусунда үч жана Талас облусунда бир адам COVID-19га чалдыкты.

Коронавируска жаңыдан чалдыккан медкызматкерлердин 21и Чүй облусунда. Дагы 17 медкызматкер Бишкек шаарында коронавирус жуктуруп алган. Ал эми Ош шаарында эки, Ош жана Баткен облустарында бирден медиктен COVID-19 аныкталды.

Жаңы катталган учурлардын жетөө сырттан келген кыргызстандыктардан аныкталды, калган 519 киши коронавируска өлкөнүн ичинде чалдыккан.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган жарандардын саны 6261ге жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 921 медкызматкер бар. Илдеттен 66 киши каза болуп, 2530 бейтап айыкты.

Жалпы оорулуулардын 2503ү Бишкек шаарында — борбор калаа бул көрсөткүч боюнча биринчи орунда. Чүй облусунда — 1138, Ош шаарында — 675, Нарын облусунда — 497, Ош облусунда — 495, Жалал-Абадда — 387, Ысык-Көл облусунда — 139, Баткен облусунда — 108 жана Талас облусунда 79 учур катталды.

Дагы 240 учур Орусиянын Соль-Илецк, Санкт-Петербург жана башка шаарлардан келген мекендештерден катталган. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы алгоритмине ылайык, учурда чет өлкөлөрдөн келген баардык жарандардан анализ алынбайт жана алар обсервацияга жаткырылбайт.

Бүгүнкү күндө ооруканаларда 735 адам дарыланып жатат. Алардын ичинде 110 бейтап оор абалда — 24 бейтап жандандыруу бөлүмүнө которулган. Ал эми коронавирусту жуктурган, бирок оорунун белгилери байкалбаган 2930 бейтап үй карантининде отурат.

Акыркы сутка ичинде 3281 изилдөө жүргүзүлгөн. Оорулуулар менен карым-катнашта болгон адамдардын саны 21 950нү түздү.