Депутат Бактыбек Турусбековдо эки тараптуу пневмония аныкталды

Парламенттин депутатынын катчылыгынан Бактыбек Турусбековдо эки тараптуу пневмония аныкталганын кабарлашты.

«Абалы туруктуу. Аялы менен кошо үйүндө тийиштүү дарылануудан өтүп жатат», — деп кабарлады катчылык.

Сутка ичинде пневмониядан 18 адам көз жумду. Алардын ичинен 8 адам республика боюнча жана 10 адам Бишкекте каза тапты. Жалпысынан март айынан баштап пневмония 195 адамдын өмүрүн кыйды.

Ошол эле кезде Саламаттык сактоо министрлиги пневмониянын толкунун коронавирус менен байланыштырган жок, анткени ооруп калгандардын көбүндө COVID-19га өткөрүлгөн анализ терс жыйынтык көрсөтүүдө.

Кыргызстан 6-июлга карата коронавирус жуктуруунун жалпы 7 691 учуру катталды.

Өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавирустан 2 843 адам айыгып, 92 бейтап каза тапты.