Бир сутка ичинде пневмониядан 44 киши каза болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Зарина Маматжанова / Kloop.kg

Республикалык штаб 8-июлда пневмониядан акыркы суткада 44 бейтап каза болгонун билдирди. Бул бейтаптарда коронавирус тастыкталган эмес.

Өлкө боюнча пневмониядан ооругандардын саны 3695ге жетти. Алардын ичинен 268и каза болду, ал эми 1907 киши пневмониядан айыкты.

Пневмониядан каза болгондордун арасында ИИМдин эки кызматкери, медиктер, саясатчылар да бар. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге да «эки тараптуу пневмония» диагнозу коюлуп, ал УКМКнын абагынан ооруканага которулган.

Коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да өстү. Айрым бейтаптар медициналык жардам алууга жетишпей ооруканалардын алдында кайтыш болуп жатышат.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов 7-июлдагы брифингде жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын айткан. Анткен менен коронавирус менен пневмония боюнча статистика ар башка жүргүзүлүүдө.

Мунун себебин Саламаттык сактоо министрлиги пневмонияга чалдыккандардын COVID-19га жасалган анализи терс жыйынтык көрсөтүп жатканы менен түшүндүрөт.

Пневмония — дем алуучу органдарды, айрыкча өпкөнү сезгенткен өнөкөт. Оорунун пайда болушун бактериялар жана вирустар шарттайт. Алар организмге көбүнчө дем алуу органдары, кээде кан тамырлар аркылуу кирет.