Кара-Сууда маареке уюштурган тойкананын ээсине карата сотко чейинки өндүрүш башталды

Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Баястан» ресторанынын ээсине 7-июлда маареке өткөрүүгө жол бергени үчүн сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБинен билдиришти.

«Турмуш» басылмасынын кабарчысы аталган тойканада өткөрүлгөн маареке боюнча жеринен видео жарыялаган. Анда имараттын алдындагы топтолгон кишилер анын кирүүсүнө тоскоолдук кылышкан. Ошондой эле алардын бири журналистке «мындай маарекелер болуп эле жатканын» айткан.

«Тойлор болуп эле жатпайбы, кечээ “Жанатта” (ред. Ош шаарындагы ресторан) мен үйлөнүү тойдо болдум. саат 9 га чейин той болду. Эч кимиңер текшерип барбадыңар», – деген ал.

Андан соң журналисттер милиция кызматкерлери менен биргеликте күч менен имараттын ичине киришкен. Анда тойкананын ыктымал администратору алар сураган эшикти ачып берүүдөн баш тартып, «элдер чыккан эшик бизге тиешелүү эмес» деп гана жооп берген.

Ал эми соцтармактардын айрым колдонуучулары тойкананын ыктымал ээси Нурбек Калмурзаевге чара көрүлбөй жатканын айтып чыгышкан.

«Баястан ресторанынын ээси эч кимди тоготпойбу? Бүгүн кайрадан той өтүп жатат. 2 жолку эскертүү ага чымын чаккандай деле болгон эмес окшойт. Аркадан кире турган эшик аркылуу киргизип, кадимкидей той болуп жатат», – деген колдонуучулардын бири.

Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, Кара-Суу РИИБине аталган ресторанда той өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. РИИБдин ыкчам тергөө тобу тишелүү кызматтар менен жерине барганда, бир нече аял ресторандын 1-кабатындагы чайханада тушоо кесүү аземин өткөрүүгө камынып жатышкан.

Мындан улам аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө таратылган.

Ал эми аталган тойканада буга чейин да той өтүп, 15 күнгө жабылып, бирок ага карабай маареке өткөргөндүгү үчүн тойкананын ээсине карата «Чектөө иш-чараларынын талаптарын бузуу» беренеси менен иш ачылган.

«Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Тойкананын ээсине 60 миңден 80 миңге чейин айыппул салынып же 2 жылга чейин тойкана иштетүүгө чектөө киргизилиши мүмкүн. Буга чейин 13 миң сом айыппулга жыгылган болчу», – деди ал.

Карантинде тойлор токтогон жок

Той-маарекелер карантиндик чектөөлөргө карабастан токтогон жок. Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында той маарекелерге расмий тыюу салууну сунуштады.

Ал эми аталган тойканада үч күн мурун кыз-узатуу тою өтүп, ЖМКлар ага Ош шаардык кеңешинин депутаттары да катышканын жазышкан. Бул көрүнүш коомчулукта нараазычылык жаратып, көпчүлүк тартипти аткаминерлер өздөрү бузуп жатканын сынга алышкан.

Ошондой эле, буга чейин Алай районунун Таш-Короо айылынын тургундары Чыйырчык жайлоосуна кыз узатуу тоюн өткөрүү үчүн барышкан. Аларга Ош ОИИБниин туристтик кызматы эскертүү бергенден кийин гана үйлөрүнө тарап кетишкен.

Басма сөз катчы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, физикалык жактарга карантиндик эрежелерди бузса алгач эскертүү гана берилет. Бирок ага карабай эреже бузуу кайталанса, ал миң сомдон 3 миң сомго чейинки өлчөмдөгү айыппулга жыгылат. Ал эми эреже бузуу кайра кайталанса сотко чейинки өндүрүш ачылат, андан соң кылмыш иши да козголушу мүмкүн.

Эгер ал учурда да эреже бузуу катталса ишмердүүлүк укугу чектелет. Ал эми бул үчүн эң катаал жаза — 7 жылга чейин эркинен ажыратуу.