Президент облустар ортосунда транспорт каттамын токтото турууну жана тойлорго тыюу салууну сунуштады

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Республикалык штабга облустар ортосунда транспорт каттамын токтото турууну жана тойлорго расмий тыюу салууну сунуштады. Ал коронавирус жуктургандар жана пневмония менен ооругандардын саны өлкөдө чектөөлөр алынгандыктан улам көбөйдү деп эсептейт.

«Калктын саламаттыгы менен экономикалык коопсуздугун таразага салганда, биз карантинди жарыялап, өзгөчө абал режимин чыдамкайлык менен сактадык. Бул режим алынган соң, ооругандар кескин көбөйдү жана коронавирустун айынан көптөгөн биздин жарандар пневмониядан жабыр тартууда», — деди Жээнбеков.

Ошол эле кезде президент ӨА режимин кайрадан киргизүү маселеси карала электигин, бирок бирок жер-жерлерде санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөр милдеттүү түрдө аткарышы керектигин айтты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда акыркы сутка ичинде эле ооруканадан сырткары пневмония менен ооруган, бирок коронавируска тапшырган тести таза чыккан 18 адам жана коронавирусу тастыкталган 4 адам каза болду.

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда ооруканадан сырткары пневмония менен 195 адам жана коронавирусу тастыкталган 92 бейтап каза болгон.

6-июлга карата республика боюнча коронавирус жуктуруунун 7 691 учуру катталган. Алардын ичинен 2 843 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылган.