Коронавируска чалдыккандардын саны 8486га жетти — бир суткада 345 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Зарина Маматжанова

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 8-июлдагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 345 учуру катталганын билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаарынан — 183;

Чүй облусунан — 51;

Жалал-Абад облусунан — 23;

Ош шаарынан — 22;

Нарын облусунан — 14;

Ош облусунан — 7;

Баткен облусунан — 21;

Ысык-Көл облусунан — 24 адамдан коронавирус аныкталды.

Коронавирусту жаңы жуктуруп алгандардын 151и аял, ал эми 194ү эркек. Ошондой эле 345 учурдун баары өлкө аймагынан аныкталды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 8486га жетти. Илдеттен 112 киши каза болуп, 2983 бейтап айыгып үйүнө чыгарылган.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 3617. Ал эми Чүй облусунда — 1545, Ош шаарында — 878, Ош облусунда — 586, Нарын облусунда — 586, Жалал-Абадда — 501, Ысык-Көлдө — 258, Баткенде — 193 жана Талас облусунда 82 учур катталды.

Ошондой эле коронавирус чет өлкөдөн келген кыргызстандыктардан 240 учур аныкталган.

Ооруканаларда 592 адам дарыланууда. Алардын ичинен 17 киши жандандыруу бөлүмүндө. Бир сутка ичинде жүгүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны — 3286.