Материалдын түп нускасы «Азаттык» радиосунда жарыяланган. Авторлору: Дастан Үмөтбай уулу жана Бактыгүл Чыныбаева.

Вирус күчөгөн сайын аймактарда той-топур, жаназалар да болууда. Президент Сооронбай Жээнбеков 6-июлдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында той-ашты токтотууну көзөмөлдөөнү сунуштады.

Кыргызстанда коронавирус илдетинин көбөйүп жатканына байланыштуу эл көп катышкан иш-чараларды, анын ичинде аш-тойлорду өткөрүүгө расмий тыюу салуу сунушун мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу белгилеп айткан.

Президент бул маселени Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында да көтөрдү. Коронавируска каршы республикалык штабга аш-тойлорду расмий тыюу сунушун карап көрүүнү тапшырды.

Кыргыз өкмөтү той-аштарды токтото туруу керектиги жөнүндө элге кезектеги эскертүүсүн берди.

7-июлда өткөн онлайн брифингде сүйлөп жатып премьер-министр Кубатбек Боронов буга чейинки эскертүүлөргө карабай жашырынып той өткөргөндөр бар экенин айтты:

— Абдан катуу тыюу салынат. Тыюу салганыбызга карабай дагы эле маселе чыгып жатат. Кээ бир жерлерде элди кафенин арт жагынан киргизип той беришүүдө. Ошолорго тиешелүү чара көрүп жатабыз жана мындан кийин да көрүлөт.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталгандан бери өпкөсүнөн кагынып (пневмония) ооруп жаткандардын саны соңку апта ичинде улам көбөйүп жатат. 7-июлга карата жалпысынан коронавирустан 99, пневмониядан 224 адам көз жумду.

Буга карабай мурдагыдай 200-300 кишилик той болбосо да 40-50 киши чогулуп кыз узаткан, үлпөт той өткөргөн учурлар катталууда. Ош облусунун атын атагысы келбеген тургуну жакында эле ушундай тойдун бириндө болгон:

— Кадимкидей эле тойлор болуп жатат. Мурдагыдай көп эл келбейт, 20-30 ашып баратса, 40-50 киши чогулуп жатабыз. Үйлөнгөн жаштардын жакын достору, кыз-күйөөнүн ата-энеси, бир туугандары эле тойго барып жатат. Фотосессия, шаар кыдыруу, тоого чыгуу мурдагыдай эле. Видео, сүрөткө тарткандар иштеп эле жатышат. Тоого эс алганы барышууда.


Милиция мындай тойлорду анда-санда келип көзөмөлдөп коет. «Келгендердин саны элүүдөн ашкан жокпу?» деп эле сурап кетишет. Ресторан, кафеде эмес, 40-50 киши үйдө чогулуп той өткөрүшүүдө.


«Үйдөгү тойлорду тыюу кыйын»

5-июлда Алай районунун Чыйырчык жайлоосунда кыз узатуу тоюн өткөрүп жаткан үй-бүлөлөргө эскертүү берилди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, жайлоодо кыз узатуу аземин өткөргөндөр - райондун Таш-Короо айылынын тургундары. Аларга ОИИБнин туристтик кызматы эскертүү бергенден кийин тарашкан.

Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев үйдө өткөн тойлорду милициянын күчү менен тыюу мүмкүн эмес экенин айтты:

— Алайдагы той ээлерине эскертүү берилери менен тарап кетишти. Алар жалпы эрежени бузган эмес, биздин кызматкерлер түшүндүрүү иштерин жүргүзөрү менен эле тойду токтотушту. Алай районунда негизи 5-июлда эки той катталыптыр. Бирин жогорудагы Таш-Короо айылынын тургундары өткөргөн, экинчи жолу кортеждегилер милиция кызматкерин көрүп эле качып кетиптир, кайсы айылда экенин аныктай албай калдык. Ресторан, кафелерде тойлор дээрлик тыйылды. Ал эми үйлөрдө өтүп эле жатат. Аларга аралыкты сактап, тазалыкты карагыла деп эскертип эле жатабыз. Бирок, үй деген жеке менчик да. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат текшермейинче, кандайдыр бир тартип бузуу болмоюнча, аларды тыйганга акыбыз жок экен. Бул ишти жергиликтүү бийлик өз колуна алышы керек.

4-июлда Ош шаарынын чет жакасында, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Баястан» ресторанында кыз узатуу тою өтүп жаткан жеринен токтотулган. Санитардык талаптарды бузганы үчүн ресторандын ээсине 13 миң сом айып салынып, тойкана 15 күнгө карантинге жабылган.

Ош шаарында той өткөргөн кафе-ресторан бир айга жабылат

Ош облустук милициясы март айынан бери коронавирустун алдын-алуу үчүн санитардык эрежелерди сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатканын белгилеп, мындан ары талаптарды бузган тараптар мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын эскертүүдө.

Ош шаарындагы Жарандык коргонуу штабынын чечими менен үйдө, коомдук азыктануучу жайларда той-аш, мааракелерди өткөрүү белгисиз мөөнөткө чейин токтотулду.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров эреже бузган ишкерлер менен жеке тараптарга мыйзам боюнча 13 миң сом айыппул каралганын, бирок Жарандык коргонуу штабы той өткөргөн ишканаларды бир айга чейин жабуу чечимин кабыл алганын билдирди:


Өткөн жумада той, мааракелерди белгисиз мөөнөткө чейин тыюу чечими кабыл алынды.


— Эми шаар тургундары үйүндө, кафе-ресторанда элди чогултуп, той бербеши керек. Өзүм билемдик кылып, санитардык нормаларга, эрежелерге жооп бербей, жашыруун той өткөргөн учурлар болуп жатат. Аларды кармап калсак, айып пул салабыз. Негизи 13 миң сом айып пулдан тышкары ишкерлигин 15 күнгө эле жаба алат экенбиз. Бирок Жарандык коргонуу штабы бул мөөнөттү бир айга чейин узартты. Эми жашынып той өткөргөн ишкерлердин иши бир айга токтойт. Албетте, ишкерлер өз укугун жакшы билет эмеспи. Азыркыдай элдин саламаттыгы биринчи орунга чыгып, карантиндик режим өкүм сүрүп турганда коопсуздук үчүн той-топурду өткөрбөөнү катуу көзөмөлдөйбүз.

Жаназалар көбөйдү

Той-топурлардан сырткары азыр аймактарда, баш калаа Бишкекте жаназа, маркумдар менен коштошуу зыйнаты көп болууда. Ушундан улам санитардык-гигиеналык нормалар сакталбай жатканын адистер айтып жатышат.

Республикалык паталогоанатомдук анализ бюросунун өлүкканасында бир күндө бир нече сөөктү жууп, зыянсыздандырып, анан гана туугандарына беришүүдө.

Моргдун атын атагысы келбеген кызматкери каза болгон адамдардын жакындарына коюлган талаптар тууралуу буларга токтолду:

— Маркумду моргго алып келгенде жанында туугандары канчалык аз болсо ошончолук жакшы. Эки-үч эле киши болсо жетет. Анан сөөктү алып кетчү машиненин өзүнүн санитардык талаптары бар. Жеңил машинеге салып бере албайбыз. Азыр биз каза болгондордун жакындарынан кездеме жана кленка сурап жатабыз. Маркумду жууп, хлор менен тазалагандан кийин сөзсүз клёнкага орошубуз керек. Бишкекте кайтыш болгондордун тирүү кезинде ПЧР-анализин алып жетишпей калып жатышат. Андыктан бул анализди биз алып, шаардык санитардык эпидемиологиялык кызматка жиберебиз. Тилекке каршы, ал жакта да кызматкерлер ооруп, анализ өз маалында чыкпай калууда.


Андыктан, бейтап эмнеден өлбөсүн, азыркыдай шартта сөзсуз тазалыкты сакташ керек.


«Маркум эмес, анын жакындарынан вирус жуктуруу коркунучу чоң»

Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19дан каза болгондорду жерге берүү боюнча буйругунда каза болгон адамды жайга атайын автоунаа же катафалк менен алып барып, кепиндин сыртынан хлорго чыланган кездеме жана клёнка менен ороп, диний ишмердин, эң жакын туугандарынын жана эпидемиолог дарыгердин көзөмөлүндө жерге бериши керек.

Бирок акыркы учурда вирус тастыкталбай, пневмониядан кайтыш болгондорду жакындары өздөрү эле көмө баштады.

Республикалык паталогоанатомдук анализ бюросунун жетекчиси Валентина Пахман айрыкча айыл жергесинде тажия кадимкидей эле көп сандагы адамдардын катышуусу менен болуп жатканына кабатыр экенин айтты:

— Бул жерде кооптуу кишилер – маркумдун жакындары. Алар оорулуу менен байланышта болгон, вирусту алып жүрүүчү болушу мүмкүн. Биз моргдо сөөктү жууп, хлорамин менен тазалап, ороп берип жатабыз. Аны үйдөн экинчи ирет ачып, жуугандын кажети жок. Эң эле коркунучтуу учур – адамдардын маркум менен коштошобуз деп чогулганы. Андыктан сөөк эмес, анын жакындары кооптуу.

Бишкек четиндеги жаназа. Сүрөт: Бексултан Абубакир уулу (RFE/RL)

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өлкөдө коронавирус оорусу башталганда, март айында эле маркумду жерге берүү боюнча фатва кабыл алган. Ага ылайык сөөктү медициналык органдар жууп-тазалап бергенден кийин кайра ачууга болбойт.


Маркумдун жаназасы тез арада окулуп, ага катышкандар беткап кийип, сөөктү дароо жерге көмүү керек.

Башкармалыктын фатва бөлүмүнүн адиси Бахтияр Токтогазы уулу бул диний эреже азыркыдай оор маалда жеке эле коронавирус менен каза болгондорго эмес, бардык өлүмдөргө да тиешелүү экенин эскертти:

— Биз бул фатванын атайын тиешелүү адистер, Саламаттык сактоо министрлигинин көрсөтмөсү менен кабыл алганбыз. Себеби, мунун баары биздин элдин коопсуздугу, ден соолугу үчүн керек. Жаназага эл чогулбасын деп жатабыз. Кайсы оорудан болбосун, азыр кырдаал өтө оор. Албетте, бардык адамдар кайтыш болгондо сый-урмат менен жерге бериш керек. Азыркыдай оор абалда «биринчи кезекте коопсуздукту сактаңыздар» деп аймактагы дин кызматкерлерине да эскертип жатабыз. Коронавирус эмес, башка оорудан көз жумган адамдын жаназасын да өтө тез окуп, жерге эрте бериш керек деген көрсөтмөлөрдү таратканбыз.

Кыргызстанда акыркы эки жума ичинде коронавирус жана пневмониядан каза болгондор көбөйдү. Аларды акыркы сапарга узатууга барып, оору жуктуруп алган учурлар да кездешип жатканын адистер айтышууда.

Мындан бир ай мурда Британияда да коронавирус катуу күчөгөндө бул өлкөдөгү мусулман жамааты маркумду акыркы сапарга узата турган атайын топ түзүп, жаназа онлайн тартипте окулуп калган эле.