Бишкектин күндүзгү стационарларында дагы үч адам кайтыш болду

Калаа мэриясынын басма сөз кызматы 8-июлда Свердлов районунун стационарларында үч адам каза тапканын кабарлады. Жалпысынан Бишкектин стационарларында каза тапкандардын саны 7 адамды түздү.

«Күндүзгү стационарлар оор абалдагы бейтаптар үчүн каралган эместигин эскертебиз. Врачтар ОРВИнин жеңил формасы менен ооруп аткандарды гана кабыл алып, аларга медконсультация берип, капельница жана дары сайып жатышат», — деп белгилешти мэриядан. Бирок ооруканаларда орун жетишпей жаткандыктан адамдар оор абалдагыларды күндүзгү стационарарга алып барып жатышат.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, шаар боюнча 9 күндүзгү стационар ачылып, бардык дарыгерер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. 9-июлга карата дарыгерлер 8 миңден ашуун бейтапты кабыл алды. Бул иште аларга ыктыярчылар жардам беришкен.

«Шаардын стационарларында 57 дарыгер жана 83 медайым иштеп, ыктыярчылар жардам берип жатат. Жеке сектордун жардамы менен 36 кычкылтек концентратору орнотулду», — деп билдиришти мэриядан.

Мэрия ачкан күндүзгү стационарлардын тизмеси:

  • Биринчи май районунда эки стационар иштеп жатат: Кожомкул атындагы спорт сарайы (150 орун) жана №83 мектеп (50 орун);
  • Ленин районунда үч дарылоо жайы ачылган: «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси (120 орун), №68 мектеп (30 орун) жана «Арал» кафеси (50 орун);
  • Свердлов районунда эки стационар иштеп жатат: «Чыгыш 5» кичирайонундагы Р. Саанатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында (150 орун) жана №94 мектеп (50 орун);

Октябрь районунда эки стационар иштеп жатат: №12 кичирайонундагы «Бишкекпекарня» муниципалдык мекемеси (140 орун) жана «Сейтек» мектеби (50 орун).

Кайдыгер эмес жарандар менен ишкерлер да врачтар менен оорулууларга күндүзгү стационарларды ачууга көмөктөшүп жатышат, мисалы, мейманканаларын же чоң орун жайларын беришүүдө. Бирок стационарларды ачууга жүздөгөн имараттар берилген күндө деле ал жакта иштей турган кадрлар жок — өлкөдө медиктердин саны жетишпей жатат. Коронавируска каршы күрөшүү үчүн алтургай студент-медиктер да тартылды.

Ооруп аткан кыргызстандыктарга кеп-кеңеш берүү үчүн врачтар жана психологдор Телеграм тайпаларды ачып, ал жактан кеп-кеңеш жана сунуштарын онлайн түрдө бекер беришүүдө.

Врачтардын өздөрүнө да жардам көрсөтүлүүдө. Өлкөдө ыктыярчылык негизде врачтарга жардам берип аткан ыктыярчылардын топтору да түзүлүүдө. Алар врачтар үчүн тамак-аш жасап, бейтаптарды кароого көмөктөшүп, жеке коргонуу каражаттарына акча топтоп, врачтарды үйлөрүнөн алып, кайра жеткиришүүдө.

9-июлга карата, бүткүл республика боюнча коронавирус жуктуруунун 8 847 учуру тууралуу белгилүү. Пневмония менен ооруп жаткан бейтаптар да бар, бирок ССМ алар тууралуу статистика бербей келет, ошондой эле COVID-19 жана пневмония менен ооругандарды эки башка эсептейт.