Ошто коронавирус жуктуруп алган ага инспектор Улукбек Умаров каза болду

Ош шаарында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага инспектору, милициянын капитаны Улукбек Умаров көз жумду — ал буга чейин ал COVID-19 жуктуруп алып ооруканада дарыланып жаткан.

«Буга чейин ал коронавирус жуктуруп алып, ооруканага аялы менен түшкөн. Бирок ал эмнеден улам каза болгону тууралуу бизге расмий түрдө кабарлана элек», — деди Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ал эми шаардык милициянын башчысы Мурат Боронов Умаровдун мезгилсиз дүйнөдөн кайтыш болгонуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты.

«Умаров Улукбек өмүрүнүн акыркы мезгилдерине чейин элибиздин коопсуздугу үчүн салымын кошуп, ак кызматын өтөдү. Ал биздин ишенимдүү, жүктөлгөн милдетин так аткарган кесиптешибиз, камкор ата, сүйүктүү жар эле. Анын жаркын элеси түбөлүккө анын кесиптештеринин, жакындарынын эсинде сакталып кала бермекчи…», — деди ал.

Учурда Умаровдун жубайы — журналист Хулькар Исамова — ооруканада калууда.

Исамова — Оштогу жергиликтүү журналист. Ал 29-июнда фейсбук баракчасында Covid-19га тест тапшырууну каалаганын жазган. Бирок аппарат сынынп калгандыктан анализ жасалбайт деген жооп алганын кабарлаган.

9-июлга карата Ош шаарында коронавирусту жуктуруп, каза болгон бейтаптардын саны 11ге жетти — алардын арасында үч медкызматкер да бар. Жалпысынан түштүк борбордо коронавирустун 921 учуру катталды, алардын ичинен 387 бейтап илдеттен айыкты.