Ошто дарыгер Жангара Абдихаликов каза болду — алдын ала маалыматтар боюнча ага COVID-19 жуккан

Сүрөт Жангара Абдихаликовдун баракчасынан алынды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасынын ЛОР-дарыгери Жангара Абдихаликов 8-июлда каза болду. «Турмуш» басылмасы өздүк булактарына таяны, дарыгер коронавируска чалдыкканын маалымдады.

Аталган оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Жыргалбек Кадыров маркумдун өлүмүнүн себеби аныкталып жатканын билдирди.

«COVID-19дан каза болду деп айтып жатышат, так айта албаймын. Пневмония болгон деп да айтышты, бирок мен да көргөн жокмун», — деп билдирди Кадыров.

Саламаттык сактоо министрлигинен бул тууралуу маалыматы жок экендигин билдиришти.

Жангара Абдихаликов 63 жашта болчу. Ал Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айылында төрөлгөн. Дарыгердин артында 1 кызы жана 2 уулу калды.

Абдихаликов 1981-жылы Кыргызстан мамлекеттик медицина академиясынын дарылоо иши факультетин аяктаган. 1986-жылдан тарта дарыгер Ош облустар аралык бириккен клиникалык балдар ооруканасынын отоларингология бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп келген.

Жангара Абдихаликов медицина илимдеринин кандидаты, доцент болгон. Ал 30дан ашуун илимий макалалардын, дарыгер жана студенттерге методикалык колдонмолордун автору. Акыркы күндөрү Абдихаликов окумуштуулук даража алуу үчүн диссертациянын үстүндө иштеп жүргөн.

Коронавирус менен күрөшкөн медиктердин өлүмү

Иллюстрация: Жанно Жарматова Kloop.kg үчүн

Саламаттык сактоо министрлиги расмий маалыматына ылайык, коронавирус жуктурган төрт медкызматкер каза болгон. Алар: Жүзүмкан Көкүмбаева, Альберт Исмаилов, Жамал Тазабекова жана Эдил Садыков.

Бирок социалдык тармактардын колдонуучулары жана ЖМКлар COVID-19дан улам каза болгон мындан да көп медкызматкерлер тууралуу маалымдаган. ССМдин расмий маалыматына кирбей калган медиктердин арасында:

  • Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасынын 70 жаштагы ардагер дарыгери Орозали Абдухалимов;
  • Ноокат районунун Барын айылындагы ҮМБ дарыгерлер тобунун аты аталбаган 59 жаштагы медайымы;
  • Саламаттык сактоо министринин экс-орун басары Абдиманнап Муратов — ал 59 жашта болгон;
  • Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүнүн акушери Заида Терекбаева;
  • Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Артыкбай Эралиев — ал 62 жашта болгон;
  • Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык ооруканасынын 55 жаштагы хирургу Кубанычбек Карагулов. Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн Карагуловдун өлүмүнүн себеби такталып жатканын маалымдашты.

Мындан сырткары пневмониядан улам Сузак районунда 64 жаштагы психиатр, Улуттук госпиталдын нейрохирургу Бектемир Мукамбетөмүров жана Ысык-Көл облусундагы Түп районунда медайым Чынар Турускелдиева көз жумган.

Ошондой эле 3-июлда эмгек сиңирген дарыгер-хирург жана профессор Исхар Фунлоэр 80 жашында өпкө кемтиги диагнозунан улам каза болду. Алардын коронавируска тапшырган анализдери илдетти аныктаган эмес.

Иш убактында коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, ал эми каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом. Кун төлөөнүн алдында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы комиссия инфекция жуктуруп алган медиктердин ар бир учурун иликтейт.

8-июлга карата Кыргызстанда коронавирустун жалпы 8486 учуру катталды. Илдет 112 бейтаптын жанын алды. Ошондой эле өлкөдө пневмония оорусу күчөп, акыркы төрт айдын ичинде 268 каза болду.

Премьер-министр Кубатбек Боронов жарандар коронавирус инфекциясынын кесепетинен улам пневмония менен ооруп жатышканын билдирген. Бирок Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жана пневмония менен ооруган бейтаптардын санын дагы деле эки башка эсептеп жатат.