Жанар Акаев пандемиядан улам парламенттик шайлоону жылдырууну сунуштады

Учурдагы чакырылыштын депутаты Жанар Акаев видео аркылуу кесиптештерине жана Кыргызстандын жетекчилигине кайрылып, парламенттик шайлоонун убактысын жылдырууну сунуштады.

Анын пикиринде, өлкөдөгү эпидкырдаал депутаттарга үгүт жүргүздүрбөйт, ал эми шайлоо процессин уюштурууга бөлүнгөн акчаны меджабдыктарды жана медиктердин айлыктарын төлөп берүүгө жумшаган оң.

«Бюджеттен шайлоого 526 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, БШК түшүндүрүү иштери үчүн баннерлерге дагы 21 млн каражат кетет деп жатат. Азыр бизде ар бир тыйын таппай карайлап турган шартта, дары-дармек, аппараттар жетишпей жаткан учурда ушунча акчаны шайлоого коротуу такыр орунсуз», — деп эсептейт Акаев.

Депутат парламенттин спикери Дастан Жумабековдун атына жазылган катты көрсөтүп, андан өлкөдөгү кырдаалды талкуулоо үчүн депутаттардын баарын чукул жыйынга чогултууну өтүнгөнүн айтты.

«Өкмөттүн ишин, жарандардын нааразылыгын талкуулаш керек. Бизге күн сайын жүздөгөн адамдар кайрылып жатат. Биз өкмөткө сөзсүз бул маселелерди коюшубуз керек, ошондой эле шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну талкуулашыбыз керек», — деди эл өкүлү.

Шайлоону кечирээк мөөнөткө жылдыруунун мыйзамдуу жолу катары Акаев өлкөдө кайрадан өзгөчө абал режимин киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, конституциялык мыйзамда ӨА режими учурунда коменданттык саат киргизүү жазылган болсо деле бул милдеттүү деле чара эмес.

«Анын үстүнө, азыр мыйзам боюнча август айында шайлоого катышам деген партиялардын бардыгы өздөрүнүн съезддерин өткөрүшү керек. Ушундай шартта, элибиз ооруканалардын алдында кулап жатса, ким, кайсы партия кантип съезд өткөрүп, элге, айыл-апага мага добуш берип койгула деп кантип барат? Бул жеткен акылсыздык, акмакчылык болуп эсептелет», — деди депутат.

Акаев өкмөттүн ӨА режимин киргизүүдөн баш тартканын «абдан кайгылуу чечим» деп атап, өз эрки менен карантинге жыбылган бир нече соода борборун атады.

«Бардык партиялар азыр ойлонушу керек. Азыр шайлоодон дагы элибиздин ден соолугу, саламаттыгы, алардын амандыгы эң маанилүү болуп турат. Ушундай бир акылдуу чечимге келишибиз керек азыр. Шайлоо деген сөздү токтотушубуз керек, аны белгилүүбир мөөнөткө, пандемия токтоп, илдеттен арылып, жай турмушка келгенде шайлоолорду өткөрө берсек болот», — деп жыйынтыктады сөзүн депутат.

Парламенттин шайлоо — 2020

Президент 3-июлда парламенттик шайлоону 2020-жылдын 4-октябрына дайындоо жөнүндө жарлыкка кол койду. 9-июлга карата маалыматка ылайык, шайлоо өнөктүгүнө катышуу ниетин билдирген 44 партия БШКга арыз тапшырды.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоодо бардык санитардык нормалар сакталаарын убада кылып, партияларга шайлоочулар менен жолугушууларды өкөрбөөнү сунуштады

Ошол эле учурда БШК, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүгө тыюу салды. Ошондой эле БШК 50дөн ашуун адамды бир бөлмөгө чогултууга мыйзам жол бербешин эскертти.

Кыргыз ырчылары Кайрат Примбердиев менен Максат Садырбеков жергиликтүү ырчы кесиптештерин саясий партиялардын үгүттөрүнө катышпоого чакырышты. Алардын пикири боюнча, бул бийликтин аракетсиздигине нааразылык билдирүү болот.

Өкмөт башчысы Кубатбек Боронов да 2-июлда саясий партияларга шайлоочуларды чогултпай, шайлоо үгүтүн жүргүзүүгө каралган каражаттарын коронавируска каршы күрөшкө жумшоону сунуштаган.