Шайлоо-2020. БШК талапкерлерге шайлоочулар менен жолугушуу өткөрбөөнү сунуштайт

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Даниль Усманов / Клооп

Борбордук шайлоо комиссиясы республикалык штаб менен макулдашып Жогорку Кеңештин депутатына талапкерлерге шайлоочулар менен жолугушпоону сунуштады.

«Биз “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамы боюнча иш кылабыз. Ал жерде үгүттөөнүн баардык түрлөрү жазылган. [Шайлоочулар] менен жолугушуу алардын бири. Депутаттыкка талапкерлер өз жоопкерчилигине таянып, республикалык штабтын сунуштарын колдонсо же андан баш тартса да болот», — деп түшүндүрүштү БШКынын басма сөз кызматынан.

Ошол эле учурда БШК, мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, стадиондордо жана калктуу конуштардын көчөлөрүндө спорттук иш-чараларды, концерттерди жана театралдаштырылган оюндарды өткөрүүгө тыюу салды. Ошондой эле БШК 50дөн ашуун адамды бир бөлмөгө чогултууга мыйзам жол бербешин эскертти.

Борбордук шайлоо комиссиясы партияларга шайлоочулар менен онлайн-жолугушууларды өткөрүп, үгүттөөчү материалдарды интернет жана сыналгы аркылуу таратууну сунуштайт.

Ал эми талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуусунун алдында БШК санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоону талап кылат. Жолгушуучу жайда алдын ала дезинфекция иштери жүргүзүлүп, катышуучулардын дене табы текшерилиши керек. Ал эми иш-чара өткөрүүдө социалдык аралыкты сактоо, беткап жана колкап пайдалануу зарыл.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев пандемия убактында массалык иш-чараларды өткөргөн партияларга чара колдоно турганын «Клоопко» билдирди.

«Пандемия учурунда массалык иш-чараларды өткөрүүгө жол берилбейт. Массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган — мыйзамды бузгандар Жазык жана Бузуулар жөнүндө кодекстин алкагында жазаланат. Ошондой эле [массалык иш-чараларды] уюштургандарга шайлоо жөнүндө мыйзамдын алкагында чара көрүлөт — аларды талапкер катары өткөн каттоосун жокко чыгаруу же тиешелүү партияны шайлоо алдындагы атаандаштыктан алып салуу», — деп түшүндүрдү Осмоналиев.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтмөкчү. Шайлоонун алдындагы үгүттөө иштери 4-сентябрда башталып 3-октябрда аяктайт.

Өкмөткө БШК бекитип бере турган смета боюнча шайлоо өткөрүүгө каражат бөлүп берүү тапшырмасы берилди. 2019-жылдын сентябрында өкмөт парламенттик шайлоого 1,2 млрд сом бекиткен. Бирок, пандемиядан улам бюджеттин бардык беренелери кыскартылып, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого 560 млн сом коротуу пландалууда.

«Шайлоону токтотуп турса болмок»

Кайрат Осмоналиев мындай абалда шайлоону токтотуп туруу абзел деп эсептейт. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү кеңештерге апрелде өтүүчү шайлоону жылдырган.

«Пандемия учурунда шайлоону өткөрүүгө мен каршымын. Президент пандемияны форс-мажор катары баалап, жоопкерчиликти өзүнө алып шайлоо процесстерин токтотушу керек. Ал бул аракетти “аргасыз зарылдык” абалында жасаган болот — бул жоопкерчиликти жокко чыгаруучу жагдай болуп эсептелинет», — деп ойлойт Осмоналиев.

Осмоналиев парламенттин депутаттары шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, пандемия учурунда шайлоо тартибин жазып чыгуусу зарыл деп кошумчалады.

Президент буга чейин парламенттик шайлоону 4-октябрга дайындоо тууралуу жарлыкка кол койгон. БШК шайлоого даярдык көрө баштады — учурда 35тен ашуун саясий партия шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Борбордук шайлоо комиссиясы баннерлерди, таратма материалдарды, жабдууларды жана канцтоварларды ташуу кызматы үчүн 21,1 млн сомдук тендер жарыялады.

ТЕМА БОЮНЧА:

Президент шайлоо босогосун 7%га чейин төмөндөтүү жөнүндө мыйзамына кол койду

Парламенттик шайлоо 2020. Ал кандай өтөт?