COVID-19дан дагы 81 бейтап айыгып ооруканадан чыгарылды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Жалал-Абад шаардык мэриясы

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 10-июлда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 81 бейтап коронавирустан айыкты.

Өпкөнү сезгенткен илдеттен айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 23. Ош шаарында — 20, Ош облусунда — төрт, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында — тогуздан, Чүй облусунда — он бир, Баткен жана Нарын облустарында — экиден, Талас облусунда бир адам сакайды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 3134кө жетти. Ал эми Кыргызстанда 10-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны — 9358. Анын ичинен 122 киши каза болду.