Финпол экс-вице-премьер Алтынай Өмүрбекованы суракка чакырды

Экономикалык кылмаштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финпол) экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова учурда иликтенип аткан фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын сүрөө жана коррупция иши боюнча суракка чакырылганын кабарлады.

Финполдон тергөө иштин жагдайларын аныктап жатканын кошумчалашты.

Буга чейин ведомство ушул эле иш боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди да суракка чакырган болчу.

Финпол 2020-жылы мартта медиктер үчүн жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жарыяланган тендерди текшере баштаган.

Жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга тендер 2020-жылы февралда, тактап айтканда, Кыргызстанда коронавирустун расмий бир да учуру каттала элек мезгилде жарыяланган. Ал учурда министрлик менен бирге өлкөдөгү эпидемияга даярдык көрө турган Республикалык штаб түзүлгөн. Ал медперсоналды коргоо каражаттары, аппараттар жана коронавирусту аныктоо үчүн тесттер менен камсыздашы керек болчу.

1-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Космосбек Чолпонбаевди саламаттык сактоо министри кызматынан жана жана Алтынай Өмүрбекованы вице-премьер-министрлик кызматынан бошоткон.

Президенттин Коопсуздук кеңеши аларды өлкөдөгү коронавирустун пандемиясы учурунда «тийиштүү чараларды көрүшкөн эмес» деп «жоопкерчиликсиздикке» айыптаган.

Журналисттердин коргонуу каражаттарды жана жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алуу тууралуу иликтөөсү

«ПолитКлиника» басылмасынын журналисттери медициналык керек-жарактар боюнча мамлекеттик сатып алуулар тууралуу иликтөө жүргүзүп, мамлекеттик органдар коргонуу каражаттарын, беткаптарды жана жасалма дем алдыруучу аппараттарды саламаттыкка тиешеси жок болгон компаниялардан кымбаттатылган баада сатып алышканын аныкташкан.

Базар баасы 30 сомдон 150 сомдон ашпаган бир жолу колдонулуучу беткаптардын бир даанасы 400 сомдон сатылып алынган.

Респиратордук беткаптар 300 сомдон сатылып алынган, бирок аны 5-6 эсе арзан сатып алуу мүмкүн эле.

Коргоочу костюмдар 6 миң сомдон сатылып алынган, бирок алардын базар баасы 2 миң сомдон ашкан эмес.

Жасалма дем алдыруучу аппараттар 2,5 млн сомдон сатылып алынган, бирок журналисттердин айтымында, аны интернет-дүкөндөрдөн 1 млн сомго сатып алса болот эле.

ДАГЫ КАРАҢЫЗ: