Коопсуздук кеңеш Чолпонбаев менен Өмүрбекова эмне себептен иштен алынганын түшүндүрүп берди

Саламаттык сактоонун мурдагы министри Космосбек Чолпонбаев жана экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова

Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши эмне үчүн президент 1-апрелде саламаттык сактоо министри жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган Космосбек Чолпонбаев менен Алтынай Өмүрбекованы кызматтан бошотконун түшүндүрүп берди.

Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү Чолпонбаев менен Өмүрбековага 27-январда эле Кыргызстанга коронавирустун кириши менен жайылышына жол бербөөнү тапшырышкан.

«Республикалык штаб вирусту өлкө аймагына киргизбөө жана анын жайылышын болтурбоо боюнча тийиштүү чараларды өз убагында көргөн эмес жана көзөмөлдөгөн эмес», — деп айтылат Коопсуздук кеңештин билдирүүсүндө.

Космосбек Чолпонбаевдин сынга алынышына ведомствонун вирусологдору ага коронавирус жуктуруп алгандарды аныктоо жана алардын анализдерин алуу үчүн тесттерди алуу зарылдыгы боюнча «бир нече жолу кайрылышып», бирок алардын кайрылуулары этибарга алынбаганы себеп болгон.

Алтынай Өмүрбекова адамдарды коронавирустун бар-жогуна тестирлөө үчүн лабораторияларды ишке киргизүү ишин жетектеп аткан, бирок анын жетекчилиги астында мындай борборлордун болгону бешөөсү гана иштеп баштаган. Мындан тышкары, январдын аягында реагенттердин баасы учурда бийлик сатып алууга аргасыз болуп аткан баадан да үч эсе арзан болгон.

«Алардын жоопкерчиликсиз мамилеси Кыргызстанда түзүлгөн кырдаалдын, коомчулуктун нааразычылыгынын жана көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себеби болуп калды», — деп эсептешет Коопсуздук кеңештин мүчөлөрү.

Сооронбай Жээнбеков Космосбек Чолпонбаев менен Алтынай Өмүрбекованы 1-апрелде коронавирус жуктургандардын саны өсүп аткан шартта бошоткон. Ал эми алардын өкмөттөгү ордуна Сабиржан Адикаримов менен депутат Аида Исмаилова келген.