Видео: Лейлекте жүргөн сел турак жайларды каптап, жолдорду жууп кетти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткен облусунун Лейлек районунда жамгырдан улам 12-июлда сел жүргөнүн билдирди. Кырсыктан адам өмүрүнө зыян келген жок.

Селдин кесепетинен Исфана шаарындагы алты, ал эми райондун Кыштут айылындагы жети турак жайга суу кирип, Раухана тилкесиндеги 18 бодо малды агызган. Ошондой эле райондун бир нече аймактарындагы жолдорду сел суусу жууп, аймактардагы чарбалык арыктарга кум-шагыл толгон жана көпүрөлөрдү агызып кеткен.

Мындан сырткары Чимген, Мурза-Патча жана Бешбала айылдарындагы каналдардын жээктерине жараксыз абалга келтирип, таза суу менен камсыз кылган суу түтүкчөлөрүнүн башкы бөлүштүргүчтөрүнө сел суулары кирген.

Учурда тазалоо иштери уланып, келтирилген зыяндын чыгымдары такталууда.

Буга чейин да аталган райондун айрым аймактарында 2-майда сел жүрүп, турак жайларды, үйлөрдүн короолорун, бала бакчанын жертөлөөсүн жана унаа жолдорун суу каптаган. Соцтармактарга жарыяланган тасмалардан мал жандык да акканын көрүүгө болгон.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров сел жүргөн аймактарга суу каптаган бир нече объектилердин жана үйлөрдүн абалы менен таанышуу үчүн жерине барган. Анда селдин кесепетинен улам 69 млн сомдук зыян келтирилгени маалым болгон. Бирок чыгымдар төлөнүп берилдиби же жокпу азырынча белгисиз.