COVID-19 дартынан дагы 109 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова 14-июлда маалымдагандай, өлкөдө акыркы сутка ичинде дагы 109 бейтап коронавирустан айыкты.

COVID-19дан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 48. Ош шаарында — эки, Ош облусунда — беш, Жалал-Абад облусунда — сегиз, Ысык-Көл облусунда — төрт, Чүй облусунда — 23, Нарын облусунда — 14, Баткен облусунда беш адам сакайды.

Ушуну менен коронавирустан айыккандардын саны 4 995ке жетти. Ал эми Кыргызстанда 14-июлга карата коронавирус жуктургандардын саны — 11 538. Анын ичинен 149 киши каза болду.