Ош шаарындагы Киров мектебинин директору пневмониядан каза болду

Гүлнара Туташева

Ош шаарынын №4 Сергей Киров атындагы орто мектебинин директору Гүлнара Туташева 14-июлда эки тараптуу пневмониядан улам каза болду. Ал 61 жашта болчу.

Маалыматты «Клоопко» Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан тастыкташты.

«Жакшы адам, өз ишин так аткарган кесипкөй жетекчи болчу», — деп эскерди мекеменин башчысы Санталат Аматова.

Ошондой эле ал, Туташеванын өнөкөт кант диабети бар болгонун кошумчалады.

Маркум аталган мектепте 2010-жылдан бери эмгектенип келген. Ал Ош шаардык кеңешинин депутаты Камчыбек Мамбетовдун жубайы эле.

Ош шаары коронавирус жуктуруу учурлары боюнча өлкөдө экинчи орунда турат — 14-июлга карата илдетти жалпысынан 1054 адам жуктуруп, анын 11и каза болду. Ал эми пневмония оорусу март айынан бери өлкө боюнча 497 кишинин өмүрүн алды.

Буга чейин өкмөт башчысы Кубатбек Боронов пневмонияга чалдыккан жарандар коронавирус инфекциясынын шартында ооруп жатышканын белгилеген. Саламаттык сактоо министрлиги Covid-19 менен коронавирустун статистикасын бириктирүү маселесин карап жатат.