Парламент депутаттардын кезексиз сессия чакыртуу боюнча сунушуна жооп берди

Парламенттин басма сөз кызматы спикер депутаттар Жанар Акаев, Рыскелди Момбеков жана Наталья Никитенконун сунуштары боюнча парламенттин кезексиз жыйынын чакырта албасын билдирди. Чукул жыйын чогултуу үчүн депутаттардын кайрылуусуна эл өкүлдөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси кошулушу керек.

«Регламентине ылайык Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде төрага президенттин, өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча парламенттин кезексиз сессиясын чакыруу укугуна ээ», — деп жазат басма сөз кызмат.

Басма сөз кызматтан кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш, себебин, кароого сунушталган суроолорду жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен төрагага жиберилиши керектигин кошумчалашты.

Наталья Никитенко 13-июлда спикер Дастан Жумабековго кайрылып, өлкөдөгү эпидкырдаалды талкуулоо жана министрлер кабинетин коронавируска каршы күрөшүүгө даярдыксыздыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу маселесин кароо үчүн депутаттардын бардыгын чукул жыйынга чогултууну талап кылган.

«Министрлер кабинетинин даярдык тууралуу ишендиргендери жалган болуп чыкты. Биз саламаттык сактоо системасынын даярдыгы оңунан чыкпаганын, өз убагында каржыланбаганын, кычкылтек концентраторлордун жана ИВЛдин жетишсиздигин, дары-дармек каражаттарын алып келүүнүн каналдары түзүлбөгөнүн, маморгандардын жарандарды медициналык жардам менен өз убагында камсыздап берүү боюнча координацияланган жана так иштешинин жоктугун, сапаттуу жана ыкчам маалымат берүүнүн жоктугун көрүп турабыз», — деп келтирет депутаттын айткандарын 24.kg басылмасы.

Никитенко өкмөт «бүгүнкү күнгө чейин эл аралык институттардын жардамы жана анын чыгымдалышы тууралуу маалымат», анын ичинде пандемия маалында так жана ачык антикризистик план бере электигин билдирген.

Дагы бир депутат Жанар Акаев 8-июлда кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, октябрь айына дайындаган парламенттик шайлоону жылдыруу керектигин айткан. Ал спикер Дастан Жумабековдун атына кат жөнөтүп, өлкөдө өзгөчө абал режимин киргизүү маселесин талкуулоо үчүн депутаттардын баарын чукул жыйынга чогултууну өтүнгөн.

Анын пикиринде, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал депутаттарга үгүт жүргүздүрбөйт, ал эми шайлоо процессин уюштурууга бөлүнгөн акчаны меджабдыктарды жана медиктердин айлыктарын төлөп берүүгө жумшаган оң.

«Бюджеттен шайлоого 526 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, БШК түшүндүрүү иштери үчүн баннерлерге дагы 21 млн каражат кетет деп жатат. Азыр бизде ар бир тыйын таппай карайлап турган шартта, дары-дармек, аппараттар жетишпей жаткан учурда ушунча акчаны шайлоого коротуу такыр орунсуз», — деп эсептейт Акаев.

14-июлга карата, Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 11 538 учуру катталды. Алардын ичинден 4 995 адам COVID-19дан айыгып, инфекциясы тастыкталган 149 адам каза тапты.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, март айынан бери өлкө боюнча 497 адам пневмониядан каза тапты.

Ведомство бейтаптардын статистикасын коронавирус жана пневмония менен ооругандарга бөлүп жатканы менен дарыгерлер азыр аныкталып жаткан вирустук пневмонияны COVID-19дун оор өткөн формасы деп эсептешет.