Күндүн видеосу: Ыктыярчылар жүрүп бараткан унаанын багажында адам өмүрү үчүн күрөшүүдө

«Демилгелүү жаштар борборунун» ыктыярчы медиктери Инстаграм барагында оорулуу адамга жардам көрсөтүп жатышкан видеону жарыялашты. Видеодон ыктыярчы медик адамга жүрүп бараткан авто унаанын багажында жүрөк массажын жасап атканын көрүүгө болот.

«Үч сааттан бери адам өмүрү үчүн кыйналып-кыстала күрөшүп жатабыз. Онкологиялык ооруканадан бизди кабыл алышкан жок. Жолду андан ары улантабыз», — дейт видеодо ыктыярчы.

«Демилгелүү жаштар борборунун» ыктыярчылары оорулууларга күн-түн жана акысыз жардам беришет. Алар Инстаграм барагында кайдыгер эмес жарандардан акча топтоп, адамдарга жардам берүү үчүн керектүү медициналык жабдуулар менен аппараттарды сатып алышат.

Ыктыярчылар машинада, үйдө, алтургай көчөдө жүрүп өзүн начар сезип кыйналган адамдарга жардам беришет. Өткөн түнү алар Бишкектин көчөлөрүнүн биринде деми кысылып, эс-учун жоготуп кыйналган адамга кычкылтек аппараты менен келип жардам көрсөтүшкөн.

Ооруган адамдарга барып жардам берген ыктыярчылар адам өмүрүн сактап калууда чоң роль ойнойт. Медперсоналдын жетишсиздигинен улам жана өлкөдө ооругандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тез жардам бригадасы чакырууларга барууга жетишпей келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 15-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы саны 11 977ге жетти. Стационарларда 645 бейтап дарыланууда жатат. 3 660 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталган күндөн бери коронавирустан 160, ал эми пневмониядан 571 адам каза болду.