Ыктыярчылар көчөдө дем жетпей начар абалга тушуккан адамды сактап калышты

«Демилгелүү жаштар борборунун» ыктыярчылары өткөн түнү Бишкектин көчөлөрүнүн биринче өзүн начар сезе баштаган кишини сактап калышты. Шаарда сейилдеп жүргөн киши эс учун жоготуп, деми кысыла баштаганын көргөн жакын жердеги адамдар ыктыярчыларга чалып жардам сурашкан.

Чакыруу түшкөн жерге барган ыктыярчылар аталган кишини кычкылтек концентраторуна туташтырып, жардам көрсөтүшкөн.

«Көчөгө мүмкүн болушунча аз чыгууну суранабыз. Биз бирге болгондо гана күчтүү болобуз», — дешти ыктыярчылар.

«Демилгелүү жаштар борбору» — бул бардык керектүү медициналык аппараттар менен оорулууларга барып акысыз жардам көрсөткөн ыктыярчылардын командасы.

Ыктыярчылар жасаган иштери тууралуу видеолорду инстаграм барагында жарыялап, кайдыгер эмес жарандардан жана бизнесмендерден материалдык жардам сурашат.

Балдардын суранычына кичинекей балдар да үн катышат.

«Биз кайрымдуулуктан түшкөн акчага жаңы концентратор сатып алдык. Саякат үчүн чогултуп жүргөн акчасын берген кичинекей кызга терең ыраазычылык айтабыз», — деп жазат ыктыярчылар.

Ооруган адамдарга барып жардам берген ыктыярчылар адам өмүрүн сактап калууда чоң роль ойнойт. Медперсоналдын жетишсиздигинен улам жана өлкөдө ооругандардын санынын өсүшүнө байланыштуу тез жардам бригадасы чакырууларга барууга жетишпей келет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 15-июлга карата өлкөдө коронавирус жуктуруунун жалпы саны 11 977ге жетти. Стационарларда 645 бейтап дарыланууда жатат. 3 660 бейтап айыгып чыкты. Пандемия башталган күндөн бери коронавирустан 160, ал эми пневмониядан 571 адам каза болду.